Редакцияот 20.10.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Корул айылдык Кеӊешинин VI чакырылышынын X сессиясы

 

2017-жылдын 20-октябры № 10/4

Кышка карата мекеме-ишканалардын даярдыгынын аткарылышынын жыйынтыгын угуу жөнүндө

     Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 1-пунктуна таянып, айыл өкмөтүндөгү мекеме-ишканалардын даярдыгынын аткарылышынын жыйынтыгын угуу жөнүндө Корул айылдык Кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.    Айыл өкмөтүнүн аймагындагы мекеме-ишканаларын кышка карата даярдоо боюнча бардык билим берүү мекемелеринде айыл өкмөтү тарабынан толугу менен көмүр менен камсыз болгондугу белгиленсин.

2.    2017-2018- жылдардын кыш мезгилинен ийгиликтүү чыгуу үчүн, элди көмүр менен камсыз кылуу жагы, 1- Май айылынын айыл башчысы К.Закировго, Тогуз-Булак айылынын айыл башчысынын милдетин аткаруучу С.Жакыповго, Кен-Жылга айылынын айыл башчысы Д.Умаровго милдеттендирилсин.

3.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбекке милдеттендирилсин.

 

Төрага

Т. Маназаров