Редакцияот 20.10.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОРУЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Корул айылдык Кеӊешинин VI чакырылышынын X сессиясы

 

2017-жылдын 20-октябры № 10/8

Корул айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2017-жылдын бекитилген сметасына такталган планга өзгөртүү киргизүү жөнүндө

     Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 1-бөлүмүнүн 15-беренесине ылайык, Корул айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2017-жылдын бекитилген сметасына такталган планга өзгөртүү киргизүү жөнүндө Корул айылдык Кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.    Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик укуктук негизги принциптери жөнүндөгү» Мыйзамынын 15-беренесине ылайык, Корул айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн 2017-жылдын бекитилген сметасындагы салыктын түрүнүн планына өзгөртүү киргизүү жагы каралсын.

к/н

Берененин аталышы

Берене

Бардыгы

квартал

көбөйтүү

азайтуу

1

Жайыт ижарасы үчүн акы

14152200

95,0

95,0

 

2

Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн

14151200

825,2

825,2

 

 

Бардыгы

 

920,2

920,2

 

2.    Корул айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн 2017-жылдын бекитилген сметасынын төмөндөгү такталган планга өзгөртүү киргизүү жагы каралсын.

Бөлүм

Бөлүмдүн аталышы

Берененин аталышы

Берене

Көбөйтүү

Азайтуу

Кварталдар ичинде

кв

70429

Экономикалык маселелер

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кыщмат көрсөтүүгө

2215

+95,0

 

95,0

709

Орто мектеп

Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кыщмат көрсөтүүгө

2215

+825,2

 

825,2

 

 

 

 

920,2

 

920,2

3.    Жогорудагы акча каражатын 2017-жылдын бекитилген сметасынын чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизип берүү жагы, Алай райондук финансы бөлүмүнөн суралсын.

4.    Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Н.Тоотаевага милдеттендирилсин.

5.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Корул айыл өкмөтүнүн башчысы Аскербек уулу Жыргалбекке милдеттендирилсин.

 

Төрага

Т. Маназаров