Редакцияот 19.04.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жошолу айылдык Кеӊешинин VI чакырылышынын IV сессиясы

 

2017-жылдын 19-аперли № 4/1

 Калктан алынуучу салыктардын аткарылыш абалы жөнүндө

 Жошолу айыл өкмөтүндө калктан салык топтоо боюнча башкы салык инспектор А.Жеенбековдун отчетун угуп жана талкуулап Жошолу айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын IV заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.    Жошолу айыл өкмөтүнүн салык инспекторлору тарабынан салык топтоо боюнча бир топ уюштуруучулук иштердин жүргүзүлгөндүгү белгиленсин.

2.    2017-жылга карата республикалык жана жергиликтүү салык төлөмдөрүн өз убагында толтуруу жагы айыл өкмөттүн башкы салык кызматкери А.Жеенбековго милдеттендирилсин.

3.    Салык төлөмдөрү боюнча жеңилдик алган жарандардын тизмеси такталып, маалымат тактасына илинсин.

4.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

К. Дейдиев