ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык Кеӊешинин VI чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2018-жылдын 13-марты № 114
Ош шаарында муниципалдык автотоктомолордон алынуучу жыйым жөнүндө жана «Ош шаарында ачык сынактын негизинде автотоктомо жайларын ижарага берүү жөнүндө» Жобону бекитүү жөнүндө
(Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 19-февралындагы №166 токтомунун редакциясына ылайык)
Ош шаарынын мэриясынын алдындагы жеке турак-жай куруу, жер пайдалануу жана турак-жай маселелери боюнча департаментинин жетекчиси К. Абдырахман уулунун Ош шаарында муниципалдык автотоктомолордон алынуучу жыйым жөнүндө жана Ош шаарында ачык сынактын негизинде автотоктомо жайларын ижарага берүү жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө баяндамасын угуп жана талкуулап, Ош шаардык Кеңешинин жергиликтүү өз алдынча башкаруу, инвестиция, ишкердүүлүк, тышкы экономикалык байланыш, кичи жана орто бизнести колдоо жана миграция маселелери, мыйзамдуулук, укук-тартип, депутаттык этика, регламент, мандат жана дин маселелери, бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери, ошондой эле архитектура, курулуш, муниципалдык менчик, экология, агрардык жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссияларынын 2018-жылдын 26-февралындагы биргелешкен отурумунун токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алып, Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ош шаарында муниципалдык автоунаа токтоочу жайлардан ар бир унаадан жергиликтүү бюджетке киреше түрүндө түшүүчү автоунаа токтотуу үчүн жыйым 10 сом өлчөмүндө белгиленип, жыйым толук көлөмдө жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө түшүүсү камсыздалсын.
2. Ош шаарында ачык сынактын негизинде автотоктомо жайларын ижарага берүү жөнүндө Жобо бекитилсин (тиркеме тиркелет).
3. Ош шаарынын мэриясына, ачык сынактын негизинде ижарага берилүүчү муниципалдык автотоктомо жайларын уюштурууда Кыргыз Республикасынын аракеттеги мыйзамдарынын ченемдерине ылайык келтирүү менен Кыргыз Республикасынын «Жер Кодексинин» 77-78 беренелеринин ченемдерин, Кыргыз Республикасынын «Автомобиль жолдору жөнүндө» мыйзамынын 7, 27-беренелеринин ченемдерин эске алып, жол кыймылынын эрежелери жана коопсуздугун сактоо боюнча тиешелүү органдардын корутундусунун, ошондой эле Ош шаардык прокуратурасынын шаардагы муниципалдык автоктомо жайлары боюнча мыйзам
бузууларды четтетүү боюнча Ош шаарынын мэриясына 2017-жылдын 27-декабрындагы №11-7б-1290-17 каты менен жолдонгон сунуштарынын негизинде жүргүзүүсү милдеттендирилсин.
4. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (Б. Астанакулов) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин бюджет, экономика жана өнөр-жай маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (А.Батыров) жүктөлсүн.
Төрага |
Ж. Ормонов |
| Ош шаардык Кеӊешинин 2018-жылдын 13-мартындагы кезектеги XII сессиясынын № 114-токтомуна тиркеме
|
«Ош шаарында ачык сынактын негизде автотоктомо жайларын ижарага берүү жөнүндө» Жобо
(Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 19-февралындагы №166 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1.Бул жобо Кыргыз Республикасынын Конституциясына жана башка аракеттеги ченемдик укуктук актыларына, Жеке турак жай куруу, жер пайдалануу жана турак жай маселелери боюнча департаментинин жобосуна ылайык иштелип чыккан жана ачык сынактын негизде (мындан ары-сынак) Ош шаарындагы автотоктомо жайларын ижарага берүүнүн негизги иш-аракеттерин жөнгө салат.
Сынакты уюштуруунун максаты – бул жеӊүүчүнү аныктоонун жол-жобосунун ачыктыгын камсыздоо, муниципалдык автотоктомо жайларында жарандарга сапаттуу тейлөөнүн шарттарын түзүү, чыныгы атаандаштыкты камсыздоо жана автотоктомо жайларындагы кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу болуп саналат.
2. Бул жободо колдонулуучу терминдер жана аныктамалар:
- автотоктомо – убактылуу мөөнөткө акы төлөө аркылуу авто транспорттук каражаттарын коюп туруучу (токтотуп) муниципалдык жер тилке.
- автотоктомону пайдалануу укугу тууралуу келишим – сынактын жыйынтыгына ылайык Буюртмачы менен Катышуучунун ортосунда түзүлүүчү типтүү келишим;
- буюртмачы- Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы;
- сынак – автотоктомолорду тейлөө боюнча мыкты шарттарды сунуштоочу катышуучуну аныктоого багытталган уюштуруу иш-чаралардын түрмөгү;
- сынактык комиссия – автотоктомолорду пайдалануу укугун аныктоо максатында, сынактын жеӊүүчүлөрүн тандоого ыйгарым укук берилген Ош шаарынын мэриясынын коллегиалдуу органы;
- сынактык табыштама - Ош шаарынын аймагында автотоктомолор үчүн жайгашкан жер тилкелерди ушул жобого ылайык кызматтарды көрсөтүүгө катышууга буюртма берген тараптардын сунушу;