Редакцияот 29.12.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык Кеӊешинин V чакырылштагы кезектеги XXIII сессиясы

 

2017-жылдын 29-декабры № 7

Айыл аймагынын тургундарын жеке менчик турак-жай куруу үчүн жер тилкелери менен камсыз кылуу максатында айыл чарбасына ыңгайсыз жерлерди айыл чарбасына ыңгайсыз жерлер категориясынан калктуу конуштар категориясына которуу жөнүндө

Айыл аймагынын айылдарынын тургундарын жеке менчик турак-жай куруу үчүн жер тилкелери менен камсыз кылуу максатында жана Кыргыз Республикасынын ϴкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө» аттуу убактылуу Жобонун 23-пунктунун негизинде Отуз-Адыр айылдык Кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.    Отуз-Адыр айыл аймагынын Кара-Дөбө айылынын №858 контурундагы жалпы аянты 7,6 га барабар айыл чарбасына ыңгайсыз жерди айыл чарбасына ыңгайсыз жерлер категориясынан калктуу конуштар категориясына которуу жагы Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынан суралсын.

2.    Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жүктөлсүн. (Т.Туйбаев)

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Адашовго тапшырылсын.

 

Төрага

А. Беделов