Редакцияот 30.01.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Найман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

 

2018-жылдын 30-январы № VIII-4

 «Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигин бюджеттик процес» долбоорунун кичи гранттар программасы сынагына катышуу жөнүндө

 «Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилигин бюджеттик процес» долбоорунун кичи гранттар программасы сынагына катышуу боюнча маселени карап чыгып,талкуулап Найман айылдык кеӊеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.    2018-жылдын январындагы Найман айылындагы өткөрүлгөн жыйындын чечиминин негизинде, элдик жыйында 103 добуш менен «Найман» орто мектебинин айнек-терезелерин заманбап,пластик айнек-терезелерге алмаштыруу маселеси колдонуп,кичи гранттар программасы сынагына катышууга сунушталсын.

2.    Долбоордун талабына ылайык 10% дан кем эмес салымын жергиликтүү бюджеттен алынууга кепилдик берилсин жана долбоордун туруктуулугу камсыз кылынсын.

3.    Токтомду көзөмөлдөп, иш алып баруу жагы айылдык кеӊештин төрагасынын орун басары Б.Мадимаровага милдеттендирилсин.

 

Төрага

Ш. Эрматов