Редакцияот 25.12.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЗЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жазы айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IX сессиясы

 

2017-жылдын 25-декабры № 35/9

Кара-Дыйкан айылындагы М. Самидин көчөсүнүн этек жагына ат кою жөнүндө

Жазы айылдык Кеңеши кезектеги IХ сессиясы Кара-Дыйкан айылынын жергиликтүү жамаатынын 2017-жылдын 17-декабрындагы “Кара-Дыйкан айылынын жаңы чектеги элдик жыйындын эмгектин ардагери маркум Айтбаев Аваздын ысмын ыйгаруу жөнүндөгү” протоколун жана керектүү документтерди карап чыгып, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.    Кара-Дыйкан айылындагы М.Самидин көчөсүнүн этек жагы Эрмаматов Маматжакыпдын үйүнөн баштап Өзгөн-Зергер авто жолуна чейин эмгектин ардагери маркум Айтбаев Аваздын ысымы ыйгарылсын.

2.    Айтбаевдардын үй-бүлөсүнө көчөнүн атын жана үйлөрдүн номерлерин жаздырып илдирүү жагы милдеттендирилсин.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин мыйзамдуулук, депутаттык этика жана диний маселелер боюнча туруктуу комиссисына тапшырылсын.

 

Төрага

Ж. Акматов