Редакцияот 26.12.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НАЙМАН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Найман айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VII сессиясы

 

2017-жылдын 26-декабры № VII-3

Найман айыл аймагынын билим берүүчү мектептеринде окуучулар арасындагы кылмыштуулуктун, суицид , зордук зомбулуктун, диний экстремизмдин алдын алуу жана болтурбоо максатында иш-чараларды жүргүзүү жөнүндө

Найман айыл аймагынын билим берүүчү «Найман» орто жана «Улуу Тоо» толук эмес орто мектептеринде окуучулар арасындагы кылмыштуулуктун, суицид , зордук зомбулуктун, диний экстремизмдин алдын алуу жана болтурбоо максатында иш-чараларды айылдагы аксакалдар сотунун жана аялдар кенешинин мүчөлөрү, имам, участкалык милиция кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүү боюнча айылдык кенешинин кезектеги сессиясында талкууланып, кенештин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1.    Найман айыл аймагындагы «Найман» орто жана «Улуу Тоо» толук эмес орто мектептеринде окуучулар арасындагы кылмыштуулуктун, суицид , зордук зомбулуктун, диний экстремизмдин алдын алуу жана болтурбоо максатында иш-чараларды айылдагы аксакалдар сотунун жана аялдар кенешинин мүчөлөрү, имам, участкалык милиция кызматкерлери менен биргеликте иш алып баруу жагы колго алынсын.

2.    Токтомдун аткарылышын колго алуу жагы Найман айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Шамаева жана Найман айыл өкмөтүнүн социалдык коргоо боюнча башкы адиси Н.Балтабаевага жүктөлсүн.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Найман айылдык кенешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрага

Ш. Эрматов