Редакцияот 09.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖОШОЛУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 Жошолу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын XIII сессиясы

 

2018-жылдын 9-февралы № 13/4

Жошолу айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен 2348,4 миң сом калган калдык акча каражатын 2018-жылдын бюджетине иштетүү жөнүндө

Жошолу айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен 2348,4 миң сом калган калдык акча каражатын 2018-жылдын бюджетине иштетүү боюнча Жошолу айылдык Кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы К.Төрөшев жана айыл өкмөт башчысы Т.Абдырахмановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жошолу айылдык кеңешинин VI чакырылышынын ХIII заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Жошолу айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-январына карата 2017-жылдан пайдаланылбай калган 2348,4 миң сом калган калдык акча каражатын 2018-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча киргизилсин.

2. Айылдык Кеңештин заседаниесинде талкууланган 2018-жылдын 1-январына карата 2017-жылдан пайдаланылбай калган 2348,4 миң сом калган калдык акча каражаты 2018-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн сметасына кошумча киргизип берүү жагы Алай финансы башкармалыгынан суралсын.

3. Жогорудагы бекитилген толуктоолорду өз максатында чыгымдоо жагын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.

 

Төрага

З. Боронов