Редакцияот 03.10.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Керме-Тоо айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги V сессиясы

 

2017-жылдын 3-октябры № 5/4

Керме-Тоо айыл өкмөт кеӊештин депутаттары келечекте маркумдар үчүн бейит жерин ажыратып берүү жөнүндө

Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн айылдык кеӊештин депутаттары келечекте маркумдар үчүн бейит жер жөнүндөгү маселени карап, талкуулап, төмөнкүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Келечекте маркумдар үчүн бейит жер Манас айылынан Кароол-Дөбөгө бара жаткан жолдун сол жагынан 792, 793, 794 контурлардан 13 га жер ажыратылсын жана документтерин тактап берүү жагы жер адиси А. Шерматовго милдеттендирилсин

2. Ушул токтомду аткаруу жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Шерматовго тапшырылсын.

 

Төрага

 

Жунус уулу Илязбек