Редакцияот 19.12.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕРМЕ-ТОО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Керме-Тоо айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги VI сессиясы

 

2017-жылдын 19-декабры № 6/3-5

Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн КБМФнын ижара жерлерин аукционго коюу жөнүндө

     Керме-Тоо айылдык кеңешинин депутаттарынын КБМФнын ижара жерлерин аукционго коюу жөнүндө сунуш пикирлерин угуп, талкуулап, Керме-Тоо айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн КБМФнын ижара жерлерин аукционго алуу үчүн биринчи кезекте жергиликтүү айыл тургундарынын арызы канааттандырылсын, ал эми жергиликтүү айыл тургундары албаган жерлерди үч жолу райондук газетага жарыя чыккандан кийин да бош калган жерлер болсо башка айыл аймагынын тургундарына берилсин.

2. Ушул токтомду аткаруу жагы Керме-Тоо айыл өкмөтүнүн жер адиси А. Шерматовго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Жунус уулу Илязбек