Сравнение редакций…
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-декабры № 57
«Ош шаарында автобустук маршруттарды тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоо сынактарын уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө» Жобону бекитүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 10-ноябрында №459ү08-6 каты менен сунушталган «Ош шаарында автобустук маршруттарды тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоо сынактарын уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө» Жобонун долбоорун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө» мыйзамынын 4-беренесинин жана «Ош шаарынын статусу жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынчы башкаруу жөнүндө», «Ишкерлик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө» мыйзамдарынын негизинде, Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2016-жылдын 22-ноябрындагы №19-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. «Ош шаарында автобустук маршруттарды тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоо сынактарын уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө» Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Шоноев) жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Ормонов |
| Ош шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 26-декабрындагы кезектеги VI сессиясынын № 57-токтомуна тиркеме |
Ош шаарында автобустук маршруттарды тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоо сынактарын уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө
Ош шаарында автобустук маршруттарды тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоо сынактарын уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө бул жобо (мындан ары – Жобо) шаардык маршруттарда автомобиль унаасы менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу үчүн автоташуучуну же автоташуучуларды аныктоого ачык сынактарды өткөрүүнүн тартибин аныктайт, ачык сынакка катышкан юридикалык жана жеке жактарга (мындан ары – Катышуучуга) карата талаптарды белгилейт.
Бул жобонун максаты автомобиль унаасы менен жүргүнчүлөрдү сапаттуу тейлөөнү, ошондой эле шаардагы маршруттарда ачык акыйкаттуу атаандаштыкты камсыз кылуу болуп эсептелет.
Сынак унаа чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан б.а. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 17-ноябрында кабыл алынган №630- «Шаардагы жүргүнчүлүк транспорттун ишин өркүндөтүү жөнүндө» токтомунун жана Ош шаарынын мамлекеттик администрациясынын 2000-жылдын 5-январындагы №2 – «Ош шаарындагы коомдук автоунаалардын түзүлүшүн уюштурууну өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» токтомунун негизинде Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги тарабынан өткөрүлөт (мындан ары – Сынакты уюштуруучу).
Сынактык сунуштарды кароо, аларды баалоо жана сынактын жеңүүчүсүн аныктоо үчүн Сынакты уюштуруучу сынактык комиссияны түзөт жана сынактык Комиссиянын ( мындан ары – Комиссия) курамын бекитет.
Комиссиянын курамына Комиссиянын катчысы кирбейт, ал Комиссиянын жыйындарынын иш кагаздарын жана протоколдорун жүргүзөт.
Комиссиянын курамына төмөнкүлөрдүн өкүлдөрү кирет:
Ош шаардык Кеңешинин 6 депутаты;
Транспорт маселесин тейлеген Ош шаарынын вице-мэри;
Ош шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органдарынын 2 өкүлү;
Добуш укугу менен тармактык бизнес ассоциациялардын жана коомдук
бирикмелердин 4 өкүлү;
Комиссиянын төрагасы транспорт маселесин тейлеген Ош шаарынын вице-мэри эсептелет. Төрага жок болсо аны төраганын орун басары алмаштырат.
комиссиянын мүчөлөрүнүн саны 13 (он үч) адамдан түзүлүшү керек.
Эгерде Комиссиянын жыйынына анын мүчөлөрүнүн 3ү2 си катышса Комиссиянын жыйыны укук ченемдүү деп таанылат.
Сынактын Катышуучусу сынакты өткөрүү башталганга чейин ушул Жобонун 3-9 тиркемелерине ылайык квалификациялык маалыматтардын документ түрүндөгү ырастоосун берүүгө тийиш.
Сынактык сунуштар талапка жооп берет деп эсептелет, эгерде ал сынактык документтердин баардык көрсөтүлгөн шарттары туура келсе. Ал эми сынактык сунуш талапка жооп бербесе, ал четке кагылат (кабыл алынбайт).
Коиссия, бул Жобонун 3-9-тиркемелерине ылайык маалыматтардын өз убагында берилбегендиги, ошондой эле так эмес жана толук эмес маалыматтарды бергендиги үчүн, же сынактык сунуштарды сынактын Катышуучусун аныктоого мүмкүнчүлүк берген маалыматтар көрсөтүлгөндө Катышуучуну сынакка катышуудан четтете алат.
Комиссия кулактандырылган сынактын талаптарына шайкеш деп таанылган сынактык сунуштарды гана кабыл алат. Ал жөнүндө протокол түзүлөт.
Сынакты өткөрүүнүн алдында Сынакты Уюштуруучу лотторду түзөт жана сынактык документтердин пакетин даярдайт.
Сынактык документтердин пакеттери өзүнө төмөнкү документтерди камтыйт:
ушул Жобонун 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн форма боюнча сынакка катышуу үчүн билдирме берилет;
ушул Жобонун 3-тиркемесинде көрсөтүлгөн формага ылайык сынакка Катышуучу жүргүнчүлүк автоунаа каражатынын абалы жана саны жөнүндө маалыматтар;
ушул Жобонун 4-тиркемесинде көрсөтүлгөн формага ылайык сынакка Катышуучунун өндүрүштүк-техникалык базасынын абалы жөнүндө маалыматтар;
ушул Жобонун 5-тиркемесинде көрсөтүлгөн формага ылайык кыймылдын коопсуздугу (мындан ары – КК), техниканын коопсуздугу (ТБ) жана автоунаа каражатын эксплуатациялоо үчүн жооптуу адамдар (аты-жөнүн көрсөтпөстөн) жөнүндө маалыматтар;
бул Жобонун 6-тиркемесинде көрсөтүлгөн форма боюнча, сынакка Катышуучунун айдоочулар курамынын тизмеси (аты-жөнүн көрсөтпөстөн);
бул Жобонун 7-тиркемесинде көрсөтүлгөн форма боюнча сынакка Катышуучунун жүргүнчүлөр унаасындагы иш стажы жөнүндө (юридикалык жак катары ) маалыматтар;
бул Жобонун 8-тиркемесинде көрсөтүлгөн форма боюнча Катышуучунун унаа каражаттарынын КК, КТ жана эксплуатациялоо боюнча жооптуу адамдар жөнүндө маалыматтар (Катышуучу жөнүндө маалымат үчүн);
бул Жобонун 9-тиркемесинде көрсөтүлгөн форма боюнча, Катышуучунун айдоочулар курамы жөнүндө маалыматтар (Катышуучу жөнүндө малымат үчүн);
сынакты Уюштуруучуга Катышуучу жөнүндө маалыматтарды жана сынактык сунуштарды берүү үчүн чоң жана кичине конверттер. Кичине конверттерге «Сынактык сунуштар» деген жазуулар жазылат жана алардын саны комиссиянын мүчөлөрүнүн санына дал келиши керек, ошондой эле бирине – «Катышуучу жөнүндө маалымат» деген жазуу жазылат.
Сынактык сунуштар жана Катышуучу жөнүндө маалыматтар бул Жобонун
17-тиркемесине ылайык Нускамага жараша толтурулат.
14. Сынактык сунуштар төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
бул жобонун 3-7 – тиркемелеринде көрсөтүлгөндөр;
Катышуучунун авариялык коэффиценти жөнүндө (К = DүN формуласы боюнча аныкталат, мында: К – авариялык коэффицент, D – отчеттук жана эсепке алуу мүнөздөгү жол – унаа кырсыгынын саны, N – Катышуучунун кыймылдуу курамынын саны ). (ИИБ ЖККБ нын маалыматына ылайык);
кыймылдуу курамды жаңыртуу боюнча иш-чаралар жөнүндө ( баяндоо түрүндө, жаңы техника кайсы каражаттардын жардамы менен алынат: гранттар, долбоорлор, кредиттер ж.б).
Сынактык сунуштарда, сынактык сунуштардын конкреттүү Катышуучуга таандык экендигин белгилей турган маалыматтар көрсөтүлбөшү керек.
бул Жобонун 3-7- тиркемелерине ылайык белгиленген форма боюнча эч кандай
оңдоосуз, белгилөөсүз сынактык сунуш комиссиянын санына жараша экземпляр толтурулат.
Автоунаа каражаттарын жана айдоочулардын курамын экинчи жолу кайталанып бирден көп маршрутка бир эле убакытта кайрадан катышууга жол берилбейт. Башка маршрутта иштеп жатышкан унаа каражаттары мындан ары башка маршруттарда сынакка катышууга уруксат берилбейт.
Сынактын Катышуучусу тарабынан акыркы жыл ичиндеги Ош шаарында кайрымдуулук социалдык акцияларына катышкандыгы жөнүндө кошумча маалыматтар берилиши мүмкүн (баяндоо жөнүндө качан жана кимге материалдык жана техникалык жардам көрсөтүлгөн, балдар мекемелеринин эсебине канча акчалай каражат которулган ж.б.у.с).
15. Катышуучу жөнүндө маалымат бул Жобонун 2-тиркемесине ылайык берилген форма боюнча толтурулуп жана төмөндөгү документтер тиркелет.
- юридикалык жактар үчүн Адилеттик уюмдан мамлекеттик каттоодон өткөн күбөлүгүнүн көчүрмөсү, жеке жактар үчүн мамлекеттик статистика органдарындагы каттоо жөнүндөгү күбөлүктүн көчүрмөсү;
- салык жана камсыздоо төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн идентификациондук коду
(номери) Катышуучуга ыйгарылгандыгын ырастаган документтин көчүрмөсү;
- жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча алынган лицензиянын көчүрмөсү;
- салык кызматы боюнча карызы барбы же жокпу деген тактама (справка);
- Социалдык фонд боюнча карызы барбы же жокпу деген тактама (справка);
- ИИБ ЖККБ дан жол кыймылындагы жол унаа кырсыктарынын (ЖТК) саны же болбосо жок деген тактама (справка);
- жол кыймылынын коопсуздугу жана унаа каражаттарын колдонууга жооптуу адамдар жөнүндө маалыматтар бул Жобонун 8-тиркемеси боюнча толтурулсун.
- Бул Жобонун 9- тиркемесине ылайык форма боюнча сынактын Катышуучусунун айдоочуларынын курамы жөнүндө маалымат.
(Катышуучу жөнүндө маалымат үчүн)
- сынактык документ үчүн төлөнгөн квитанциянын көчүрмөсү.
Катышуучу жөнүндө маалымат белгиленген форма боюнча оңдолбостон жана белгиленбестен 1 экземпляр толтурулат.
Сынактын сунушу жана Катышуучу жөнүндө маалымат бөлүнүп өзүнчө ар башка конверттерге салынат, ага мөөр басылып, бир чоң конвертке салынат, ага да мөөр басылып. Комиссиянын катчысына берилет. Баардык конверттер кандайдыр бир таанымал эн тамгасыз, Катышуучу жөнүндө белгилерсиз жана маалыматтарсыз болушу керек.
Сынакты уюштуруучу жалпыга маалымдоо каражаттарында сынакты өткөрүүнүн шарттары жөнүндө кеминде 30 күн мурда бул Жобонун 1-тиркемесине ылайык, сынакты өткөрүүнүн датасын, убактысын, ордун жана иретин, билдирмелерди кабыл алуучу жерди жана мөөнөтүн көрсөтүү менен кулактандыруу жарыялайт.
Сынак процесси, ЖМК га кулактандыруу берилгенден баштап, жеңүүчүнү тандоо жана аны менен Келишим түзүлгөнгө чейин 45 календардык күндөн ашпашы керек.
Сынакка өзүнчө маршрутка же эки же андан ашык маршруттарга, ошондой эле жөнөтүү убактысы боюнча маршруттардын каттамдарына лоттор коюлушу мүмкүн. Бир лотко көбүрөөк рентабелдүүлүгү жогору жана рентабелдүүлүгү төмөн маршруттар бириктирилиши мүмкүн.
Сынактарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүнчүлөрдү ташууну уюштурууга уруксаттамасы бар жана сынакка катышуу үчүн зарыл болгон баардык шарттарды аткарган юридикалык жана жеке жактар менчигинин формасына карабастан катыша алат.
Бул Жобонун 20-пунктунда көрсөтүлгөн сынакка катышууну каалаган жактар, сынактык документтер пакетин сатып алуу наркын алдын ала төлөп,эркин формадагы жазылган арызын берет. Сынактык документтер комплексинин наркы сынакты өткөрүү боюнча уюштуруу маселелеринин чыгымдарына ылайык келүүгө тийиш (канцеляриялык товарларга жана буюмдарга жумшалган чыгым) жана сынактык Комиссия тарабынан белгиленет.
Сынактын Катышуучуларын каттоо сынак жөнүндө кулактандыруу ЖМК да жарыялангандан баштап, 30 календардык күн өткөндөн кийин аяктайт.
Сынактын Катышуучусу катары катталуу үчүн, бул Жобонун 14 жана 15 – пункттарына ылайык документтерди Кмиссияга берүү зарыл.
Комиссиянын катчысы мөөнөтүндө берилген билдирмелерди кабыл алат, катышууга бул Жобонун 12-тиркемесине ылайык, документтерди кабыл алгандыгы тууралуу маалымдоо берет жана чоң конверттерди мөөр басып күбөлөндүрөт.
Көрсөтүлгөн убакыттан кийин келип түшкөн билдирмелер сынакка катышууга кабыл алынбайт.
Сынакты Уюштуруучу берилген жана пайдаланылган маалыматтын купуялуулук принцибин сактоого милдеттүү.
Эгерде кандайдыр бир лот боюнча бир гана Катышуучу катталса жана комиссия тарабынан сынактык документтер текшерилип өткөрүлсө, анда бул лотто сынак өттү деп эсептелет.
Ал эми айрым лотко бир дагы катышуучу катталбаса, бул лот боюнча сынак болгон жок деп эсептелет жана кайрадан сынакка коюлат. Мында бул маршрут кайрадан сынак өткөрүлгөнгө чейин ЖТА тарабынан бекитилген ташуучу тейлеп турат.
6. Сынакка катышуудан чыгаруу
Катышуучуну сынакка катышуудан четтетүү чечимин Комиссия тарабынан төмөнкү учурларда кабыл алынат:
Катышуучу сынактык документтердин пакетин белгиленген талаптарды бузуп талаптагыдай тариздебесе;
Катышуучу тууралуу кабарларда анык эмес маалыматтар болсо;
Салык боюнча жана Соц.фонддук камсыздоо төлөмдөрүндө Катышуучунун карыздары болсо;
Маршрутту тейлөө үчүн унаа каражаттарынын зарыл саны болбосо;
- Башка маршрутта иштеп жатышкан автоунаалар башка маршруттарда сынакка катышса.
Конвертти ачып, Катышуучулардын сунушун баалоо жана жеңичүүнү аныктоо Катышуучунун бар же жок болгонуна карабастан Комиссия тарабынан ишке ашырылат;
Ар бир лот боюнча Катышуучунун документи салынган пакетти ачып, Комиссиянын катчысы протоколду жүргүзөт.
Сынактык сунуштар жана Катышуучу жөнүндө маалымат салынган конверттер салынган чоң конверт ящикте болушу керек.
Комиссиянын төрагасы ящиктеги чоң конверттин бирөөсүн алат да конверттин оң жак бурчуна катар номерди жазып коет.
Комиссиянын төрагасы чоң конвертти ачып сынактык сунуштар жана Катышуучу жөнүндөгү маалыматтар салынган конверттерге ошол эле номерди коет. Мындан кийин Комиссиянын төрагасы Комиссиянын мүчөлөрүнүн алдына сынактык сунуш салынган конверттерди коет. Ал эми Катышуучу жөнүндө маалымат салынган конверт ачылбастан чоң конвертте калат.
Комиссиянын мүчөлөрү сынактык сунуштарды карайт. Алар документтердин толуктугун, тууралыгын текшерет, сынактык сунуштун ар бир пункту боюнча балл коет (3,4,5,6,7 – тиркемелер), сынактык сунуштарды баалоо шкалага ылайык (13тиркеме) коюлат.
Сынактык сунуштар баалангандан кийин алар Комиссиянын төрагасына берилет, ал аларды ошол эле номурда, чоң конвертке кайрадан салат.
Комиссия мүчөлөрү күбөлөндүрүлгөн формалардын негизинде Катышуучунун жыйынтыктоочу баллын бирдей катар номур боюнча суммалайт жана ар бир Катышуучу боюнча жалпы суммалык баллды бул Жобонун 14-тиркемесине ылайык аныкташат, аны сынактык Комиссиянын катчысы протоколдо каттайт.
Жалпы суммалык баллдын жыйынтыгы боюнча Комиссиянын төрагасы максималдуу жалпы суммалык балл топтогон Катышуучунун катар номурун жарыялайт.
Комиссиянын төрагасы сынактын жеңүүчүсүнүн жарыяланган катар номуруна ылайык жеңүүчүнүн номуруна шайкеш чоң конвертти алат, Катышуучу тууралуу маалымат жазылган ковертти алып чыгат, аны ачып сынактык Комиссиянын мүчөлөрүнө тааныштырат.
Сынактык комиссиянын мүчөлөрүн Катышуучу тууралуу маалымат менен тааныштыргандан кийин, Комиссиянын төрагасы эң көп балл топтогон Катышуучунун маалыматтарын жарыялайт, катчы бул Жобонун 15-тиркемесине ылайык протоколду тариздейт.
Эгер эки же андан көп катышуучу максималдуу бирдей балл топтосо, артыкчылык унаа каражаттарынын абалы үчүн көбүрөөк балл алган катышуучуга берилет, эгер унаа каражаттарынын абалы үчүн бирдей балл топтолсо, артыкчылык өндүрүштүк-техникалык база үчүн көбүрөөк балл алган Катышуучуга берилет.
Эң көп балл топтогон Катышуучунун сынактык сунуштарынын маалыматтарынын аныктыгы Комиссия тарабынан көзөмөлдөнүп текшерүүгө алынат. Ал үчүн Катышуучу белгиленген мөөнөттө (10 күндөн ашык эмес) кыймылдуу курамды, өндүрүштүк базаны жана сынактык сунуштарга ылайык талап кылынган документтерди (лотторду утуп алган бардык унаа каражаттарынын техникалык паспортторун, таандык экендигин күбөлөндүргөн документтерди), билими тууралуу дипломдордун көчүрмөлөрүн (администрациялык- башкаруу персоналы үчүн), маршруттарды тейлөөгө буйруктардын жана келишимдердин көчүрмөлөрүн, төлөмдөрдү төлөө жөндөмдүүлүгү жана салыктар, төлөмдөр боюнча карыздарынын жоктугу жөнүндө маалыматтарды көрсөтөт.
Бул жобонун 41-пунктунда көрсөтүлгөндөй сынактык сунуш көзөмөлдүк текшерүүдө туура эмес фактылар аныкталса Катышуучунун берген сунуштарын, алган баллдын санын комиссия жокко чыгарат жана бул лотко кайрадан катышуу укугун ажыратуу менен аны сынактан четтетет жана эң көп балл топтогон кийинки Катышуучуну жеңүүчү деп таанып, бул Жобонун 41-пунктунда көрсөтүлгөн жол-жоболорду кайталайт. Комиссия кабыл алган чечим жөнүндө протоколдо көрсөтөт жана Комиссия 10 күндүн ичинде Сынактын катышуучусуна кабарлайт.
Комиссия көзөмөлдүк текшерүүдөн кийин жыйынтыгы чыгарылып акыркы чечим кабыл алынат. Сынактын жеңүүчүсү катары жүргүнчүлөрдү ташуунун жакшы шарттарын уюштурган жана баллдын жогорку санын алган Катышуучу эсептелет. Бул жобонун 13-тиркемесине ылайык Комиссиянын контролдук текшерүүсү такталгандан кийин жана ушул Жобонун 16-тиркемеси боюнча протокол толтурулат.
Сынак өткөрүлгөндөн кийин 30 күндүн ичинде Комиссиянын катчысы тарабынан тапшырылган сынактык сунуштардын жыйынтыгы сынактын баардык катышуучуларына жөнөтүлөт.
Сынак боюнча Комиссиянын чечими чыккандан кийин 10 күндүн ичинде сынактын Катышуучулары тарабынан даттануу берилиши мүмкүн. Бул мөөнөттүн убактысы өтүп кетсе сынактын Катышуучулардын даттануулары уюштуруучу тарабынан каралбайт.
Комиссиянын чечими сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
Эгерде сынактын жыйынтыгы сот тарабынан жараксыз деп кабыл алынса соттун чечими күчүнө киргенден кийин мурдагы сынактын жыйынтыгы жокко чыгарылат да 60 күндөн кечиктирбей кайрадан сынак өткөрүлөт. Мында, кайрадан катышып жаткан мурдагы сынактын катышуучуларына сынактан документтер акысыз берилет.
Комиссиянын протоколунун негизинде сынакты Уюштуруучу нормативдик укуктук актыга ылайык Кыргыз Республикасында автоунаа менен жүргүнчүлөрдү ташууну жөнгө салуу үчүн сынактын жеңүүчүсү менен келишим түзүлөт. (мындан ары Келишим)
Ачык сынактын жеңүүчүсүнө маршруттарда жүргүнчүлөрдү тейлөө укугу берилет жана аны менен бирдей юридикалык күчкө ээ 2 экземпляр Келишим түзүлөт. Бир экземпляр сынакты Уюштуруучуда, ал эми экинчи экземпляр сынактын жеңүүчүсүндө калат.
Сынактын жыйынтыктары боюнча маршруттарды тейлөө мөөнөттөрү жана ташуучуга маршруттарды бекитип берүү Келишимдин шарттарына ылайык 2 жылга, андан ары мөөнөтүн узартуу менен 3 жылга белгиленет, бирок мөөнөт 5 жылдан ашпайт.
Жеңүүчү келишим түзүүдөн баш тарткан учурда, Келишим сынактын жыйынтыгы боюнча кийинки орунду ээлеген Катышуучу менен түзүлөт.
Маршруттарда иштөө укугун үчүнчү жакка өткөрүп берүүгө жол берилбейт.
Келишим, анын шартында каралган мөөнөттөн мурда токтотулган же Келишимдин колдонуу мөөнөтү бүткөн учурда, сынакты Уюштуруучу, бул Келишим боюнча тейленүүчү маршрутка жаңы сынак жарыялайт.
Келишим тараптардын биринин демилгеси менен бузулган учурда, бузуунун демилгечиси бул жөнүндө Келишим боюнча милдеттер токтотулганга чейин 30 күн мурда экинчи тарапка кат жүзүндө билдирет.
Жетекчиси | С.Маматалиева |
| Ош шаарында автобустук маршруттарды тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоо сынактарын уюштуруу тартиби жана өткөрүү жөнүндө жобонун 1-тиркемеси |
Үлгү
(сынакты уюштуруучу)
Маршруттарда жүргүнчүлөрдү автомобиль унаасы менен ташууну уюштурууга сынак жарыялайт;
№ | Лоттун номери | Маршруттун номери | Автобустардын керектүү саны | № | Лоттун номери | Маршруттун номери | Автобустардын керектүү саны |
1 | 2 | 3 | 4 | 1 | 2 | 3 | 4 |
1 |
|
|
|
|
|
|
|
2 |
|
|
|
|
|
|
|
3 |
|
|
|
|
|
|
|
4 |
|
|
|
|
|
|
|
ОШ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 26-декабры № 57
«Ош шаарында автобустук маршруттарды тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоо сынактарын уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө» Жобону бекитүү жөнүндө
Ош шаарынын мэриясынын 2016-жылдын 10-ноябрында №459ү08-6 каты менен сунушталган «Ош шаарында автобустук маршруттарды тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоо сынактарын уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө» Жобонун долбоорун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар жөнүндө» мыйзамынын 4-беренесинин жана «Ош шаарынын статусу жөнүндө», «Жергиликтүү өз алдынчы башкаруу жөнүндө», «Ишкерлик ишти жөнгө салуунун ченемдик укуктук базасын оптималдаштыруу жөнүндө» мыйзамдарынын негизинде, Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун 2016-жылдын 22-ноябрындагы №19-токтомун, ошондой эле сессиянын жүрүшүндө депутаттар тарабынан айтылган сунуштарды эске алуу менен Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. «Ош шаарында автобустук маршруттарды тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоо сынактарын уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө» Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин (тиркеме тиркелет).
2. Бул токтом мыйзамда каралган тартипте катталсын (М.Давляев) жана массалык маалымдоо каражаттарына жарыялансын (А.Эргашева).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин транспорт, жылуулук-энергетикалык комплекс, муниципалдык чарба жана байланыш маселелери боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына (Б.Шоноев) жүктөлсүн.
Төрага | Ж.Ормонов |
| Ош шаардык Кеңешинин 2016-жылдын 26-декабрындагы кезектеги VI сессиясынын № 57-токтомуна тиркеме |
(Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 19-февралындагы №167 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ош шаарында автобустук маршруттарды тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоо конкурстарын уюштуруу жана өткөрүү жөнүндө бул жобо (мындан ары – Жобо) шаардык маршруттарда автомобиль унаасы менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу үчүн автоташуучуну же автоташуучуларды аныктоого ачык конкурстарды өткөрүүнүн тартибин аныктайт, ачык конкурска катышкан юридикалык жана жеке жактарга (мындан ары – Катышуучуга) карата талаптарды белгилейт.
2. Бул Жобонун максаты автомобиль унаасы менен жүргүнчүлөрдү сапаттуу тейлөөнү, ошондой эле шаардагы маршруттарда ачык акыйкаттуу атаандаштыкты камсыз кылуу болуп эсептелет.
2. Конкурстук комиссия
3. Конкурс унаа чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан б.а. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 17-ноябрында кабыл алынган №630 «Шаардагы жүргүнчүлүк транспорттун ишин өркүндөтүү жөнүндө» токтомунун жана Ош шаарынын мамлекеттик администрациясынын 2000-жылдын 5-январындагы №2 – «Ош шаарындагы коомдук автоунаалардын түзүлүшүн уюштурууну өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө» токтомунун негизинде Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги тарабынан өткөрүлөт (мындан ары – Конкурсту уюштуруучу).
4. Конкурстук сунуштарды кароо, аларды баалоо жана конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо үчүн Конкурсту уюштуруучу конкурстук комиссияны түзөт жана конкурстук Комиссиянын (мындан ары – Комиссия) курамын бекитет.
5. Комиссиянын курамына төмөнкүлөрдүн өкүлдөрү кирет:
- Ош шаарынын мэриясынын транспорт маселесин жетектөөчү өкүлү;
- Ош шаардык Кеңешинен 2 депутат;
- Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттигинин өкүлү;
- Кыргыз Республикасынын транспорт жана жолдор министрлигинин Автомобиль, суу транспорту жана салмак өлчөмүн көзөмөлдөө Агенттигинин Ош аймактык башкармалыгынын өкүлү;
- Ош шаардык ИИБ боюнча ЖКККБ нын өкүлү;
- ишкердикти өнүктүрүү жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик уюмдун өкүлү;
- Комиссиянын курамына комиссиянын катчысы добуш берүү укугу менен кирет, ал комиссиянын жыйындарынын иш кагаздарын жана протоколдорун жүргүзөт;
- жүргүнчүлөр менен ташуучулардын кызыкчылыктарын көздөбөгөн коммерциялык эмес уюмдун өкүлү.
(Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 19-февралындагы №167 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Конкурсту уюуштуруучунун өкүлү комиссиянын төрөгасы болуп эсептелет. Төрага жок болгон учурда, аны орун басары алмаштырат.
- комиссиянын мүчөлөрүнүн саны 9 (тогуз) адамдан турат.
(Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 19-февралындагы №167 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Эгер Комиссиянын жыйынына анын мүчөлөрүнүн 2/3 сү катышса Комиссиянын жыйыны укук ченемдүү деп таанылат.
8. Конкурстун Катышуучусу конкурсту өткөрүү башталганга чейин ушул Жобонун 3-9 тиркемелерине ылайык квалификациялык маалыматтардын документ түрүндөгү ырастоосун берүүгө тийиш.
9. Эгер конкурстук сунуштар конкурстук документтерде көрсөтүлгөн бардык шарттарга туура келсе,анда ал талаптарга ылайык деп эсептелет. Ал эми конкурс сунуш талаптарга жооп бербесе, ал четке кагылат (кабыл алынбайт).
10. Комиссия, бул Жобонун 3-9-тиркемелерине ылайык маалыматтардын өз убагында берилбегендиги, ошондой эле так эмес жана толук эмес маалыматтарды бергендиги үчүн, же конкурстук сунуштарда конкурстун Катышуучусун аныктоого мүмкүнчүлүк берген маалыматтар көрсөтүлгөндө Катышуучуну конкурска катышуудан четтете алат.
11. Комиссия кулактандырылган конкурстун талаптарына шайкеш деп таанылган конкурстук сунуштарды гана кабыл алат. Ал жөнүндө протокол түзүлөт.
3. Конкурстук документтердин пакети
12. Конкурсту өткөрүү алдында конкурсту Уюштуруучу лотторду түзөт жана конкурстук документтердин пакетин даярдайт.
13. Конкурстук документтердин пакети өзүнө төмөнкү документтерди камтыйт:
- бул Жобонун 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн форма боюнча конкурска катышуу арызы;
- бул Жобонун 3-тиркемесинде көрсөтүлгөн форма боюнча конкурста катышуучунун жүргүнчүлөрдү ташыган унаа каражаттарынын бардыгы жана алардын абалы жөнүндө маалыматтар;
- бул Жобонун 4-тиркемесинде көрсөтүлгөн форма боюнча конкурстун Катышуучусунун өндүрүштүк-техникалык базасынын абалы жөнүндө маалыматтар;
- бул Жобонун 5-тиркемесинде көрсөтүлгөн форма боюнча конкурстун Катышуучусунун унаа каражаттарынын кыймыл коопсуздугу (мындан ары – КК), коопсуздук техникасы (мындан ары-КТ) жана эксплуатациялоо үчүн жооптуу адамдар (аты-жөнүн көрсөтпөстөн) жөнүндө маалыматтар;
- бул Жобонун 6-тиркемесинде көрсөтүлгөн форма боюнча, конкурска Катышуучунун айдоочулар курамынын тизмеси (аты-жөнүн көрсөтпөстөн);
- бул Жобонун 7-тиркемесинде көрсөтүлгөн форма боюнча конкурска Катышуучунун жүргүнчүлөр унаасындагы иш стажы жөнүндө (юридикалык жак катары ) маалыматтар;
- бул Жобонун 8-тиркемесинде көрсөтүлгөн форма боюнча Катышуучунун унаа каражаттарынын КК, КТ жана эксплуатациялоо боюнча жооптуу адамдар жөнүндө маалыматтар (Катышуучу жөнүндө маалымат үчүн);
- бул Жобонун 9-тиркемесинде көрсөтүлгөн форма боюнча, Катышуучунун айдоочулар курамы жөнүндө маалыматтар (Катышуучу жөнүндө малымат үчүн);
- бул Жобонун 10-тиркемесине ылайык маршруттарда автомобиль унаасы менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу үчүн Типтүү келишимдин үлгүсү;
- конкурсту Уюштуруучуга Катышуучу жөнүндө маалыматтарды жана конкурстук сунуштарды берүү үчүн чоң жана кичине конверттер. Кичине конверттерге «Конкурстук сунуштар» деген жазуу жазылат жана алардын саны комиссиянын мүчөлөрүнүн санына дал келиши керек, ошондой эле бирине – «Катышуучу жөнүндө маалымат» деген жазуу жазылат.
- Конкурстук сунуштар жана Катышуучу жөнүндө маалыматтар бул Жобонун 17-тиркемесине ылайык Нускамага жараша толтурулат.
4. Конкурстук сунуштардын мазмуну жана
Катышуучу жөнүндө маалыматтар
14. Конкурстук сунуштар төмөнкү маалыматтарды камтыйт:
- бул Жобонун 3-7 – тиркемелеринде көрсөтүлгөндөр;
- Катышуучунун авариялык коэффиценти жөнүндө (К = D/N формуласы боюнча аныкталат, мында К – авариялык коэффицент, D – отчеттук жана эсепке алуу мүнөздөгү жол – унаа кырсыгынын саны, N – Катышуучунун кыймылдуу курамынын саны ). (Ош шаардык ИИБ ЖКККБнын маалыматына ылайык);
- кыймылдуу курамды жаңыртуу боюнча иш-чаралар жөнүндө ( баяндоо түрүндө, жаңы техника кайсыл каражаттардын жардамы менен алынат: гранттар, долбоорлор, кредиттер ж.б).
Конкурстук сунуштарда, конкурстук сунуштардын конкреттүү Катышуучуга таандык экендигин белгилей турган маалыматтар көрсөтүлбөшү керек.
Конкурстук сунуштар бул Жобонун 3-7- тиркемелерине ылайык белгиленген формадагы бланктарда,комиссиянын мүчөлөрүнүн санына туура келген нускада катасыз жана сызылып оңдоолорсуз толтурулат.
Автоунаа каражаттарын жана айдоочулардын курамын экинчи жолу кайталанып бирден көп маршрутка бир эле убакытта кайрадан катышууга жол берилбейт. Башка маршрутта иштеп жатышкан унаа каражаттары мындан ары башка маршруттарда конкурска катышууга уруксат берилбейт.
Конкурстун Катышуучусу тарабынан акыркы жыл ичиндеги Ош шаарында кайрымдуулук социалдык акцияларына катышкандыгы жөнүндө кошумча маалыматтар берилиши мүмкүн (баяндоо түрүндө качан жана кимге материалдык жана техникалык жардам көрсөтүлгөн, балдар мекемелеринин эсебине канча акчалай каражат которулган ж.б.у.с).
15. Катышуучу тууралуу маалымат бул Жобонун 2-тиркемесинде көрсөтүлгөн форма боюнча конкурска катышууга берилген билдирмени камтыйт, ага төмөнкү документтер тиркелет:
-юридикалык жактар үчүн-Юстиция органдарындагы, жеке жактар үчүн-мамлекеттик статистика органдарындагы мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
-салык жана камсыздоо төгүмдөрүн төлөөчүлөрдүн идентификациялык коду (номери) Катышуучуга ыйгарылгандыгын ырастаган документтин көчүрмөсү;
-жүргүнчүлөрдү ташууларды уюуштуруу уруксаатамасынын (лицензиясынын)көчүрмөсү;
-салык кызматынын салыктар боюнча карызы бардыгы же жоктугу туралуу маалымкаты;
-Социалдык фонд боюнча карызы бардыгы же жоктугу туралуу маалымкаты;
-ИИБ ЖКККБдан жол кыймылындагы жол унаа кырсыктарынын (ЖТК) саны же жок деген маалымкат;
-бул Жобонун 8-тиркемесинде келтирилген форма боюнча толтурулган, Катышуучу тууралуу маалымат үчүн конкурстун Катышуучусунун унаа каражаттарынын КК,КТ жана эксплуатациялоо боюнча жооптуу адамдар жөнүндө маалымат;
-жол кыймылынын коопсуздугу жана унаа каражаттарын колдонууга жооптуу адамдар жөнүндө маалыматтар бул Жобонун 8-тиркемеси боюнча толтурулсун.
-бул Жобонун 9- тиркемесинде көрсөтүлгөн форма боюнча толтурулган, конкурстун Катышуучусунун айдоочулар курамы жөнүндө маалымат. (Катышуучу жөнүндө маалымат үчүн).
-конкурстук документтерге акы төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция.
Катышуучу тууралуу маалымат белгиленген формадагы бланктарда оңдоолорсуз жана катасыз эки нускада толтурулат.
16. Катышуучу жөнүндө маалымат жана конкурстук сунуштар өзүнчө ар башка конверттерге салынып, мөөр басылып, бир чоң конвертке салынат, ага дагы мөөр басылып Комиссиянын катчысына берилет. Баардык конверттер кандайдыр бир таанымал эн тамгасыз, Катышуучу жөнүндө белгилерсиз жана маалыматтарсыз болушу керек.
5. Конкурстарды уюштуруу жана өткөрүү
17. Конкурсту уюштуруучу жалпыга маалымдоо каражаттарында конкурсту өткөрүүнүн шарттары жөнүндө кеминде 30 күн мурда, бул Жобонун 1-тиркемесине ылайык, конкурсту өткөрүүнүн датасын, убактысын, ордун жана иретин, билдирмелерди кабыл алуучу жерди жана мөөнөтүн көрсөтүү менен кулактандыруу жарыялайт.
18. Конкурс процесси, ЖМК га кулактандыруу берилгенден баштап, жеңүүчүнү тандоо жана аны менен Келишим түзүлгөнгө чейин 60 календардык күндөн ашпашы керек.
19. Конкурска өзүнчө маршрутка же эки же андан ашык маршруттарга, ошондой эле жөнөтүү убактысы боюнча маршруттарга каттамдарына лоттор коюлушу мүмкүн. Бир лотко көбүрөөк рентабелдүүлүгү жогору жана рентабелдүүлүгү төмөн маршруттар бириктирилиши мүмкүн.
20. Конкурстарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүнчүлөрдү ташууну уюштурууга уруксаттамасы бар жана конкурска катышуу үчүн зарыл болгон бардык шарттарды аткарган юридикалык жана жеке жактар менчигинин формасына карабастан катыша алат.
21. Бул Жобонун 20-пунктунда көрсөтүлгөн конкурска катышууну каалаган жактар, конкурстук документтер пакетин сатып алуу наркын алдын ала төлөп, эркин формадагы жазылган арызын берет. Конкурстук документтер комплексинин наркы конкурсту өткөрүү боюнча уюштуруу маселелеринин чыгымдарына ылайык келүүгө тийиш (канцеляриялык товарларга жана буюмдарга жумшалган чыгым) жана конкурстук Комиссия тарабынан белгиленет.
22. Конкурстун Катышуучуларын каттоо конкурс жөнүндө кулактандыруу ЖМК да жарыялангандан баштап, 30 календардык күн өткөндөн кийин аяктайт.
23. Конкурстун Катышуучусу катары катталуу үчүн, бул Жобонун 14 жана 15 – пункттарына ылайык документтерди Кмиссияга берүү зарыл.
24. Комиссиянын катчысы мөөнөтүндө берилген билдирмелерди кабыл алат, катышуучуга бул Жобонун 12-тиркемесине ылайык, документтерди кабыл алгандыгы тууралуу маалымдоо берет жана чоң конверттерди мөөр басып күбөлөндүрөт.
25. Көрсөтүлгөн убакыттан кийин келип түшкөн билдирмелер конкурска катышууга кабыл алынбайт.
26. Конкурсту Уюштуруучу берилген жана пайдаланылган маалыматтын купуялуулук принцибин сактоого милдеттүү.
27. Эгерде кандайдыр бир лот боюнча бир гана Катышуучу катталса жана комиссия тарабынан конкурстук документтер текшерилип өткөрүлсө, анда бул лотто конкурс өттү деп эсептелет.
Ал эми айрым лотко бир дагы Катышуучу катталбаса,бул маршрут конкурс өткөрүлгөнгө чейин келишим боюнча мурда бекитилген ташуучу тарабынан тейленет.
6. Конкурска катышуудан чыгаруу.
28. Катышуучуну конкурска катышуудан чыгаруу жөнүндө чечим Комиссия тарабынан төмөнкү учурларда кабыл алынат:
- Катышуучу конкурстук документтердин пакетин белгиленген талаптарды бузуп талаптагыдай тариздебесе;
- Катышуучу тууралуу кабарларда анык эмес маалыматтар болсо;
- Катышуучунун салыктар жана Социалдык камсыздандыруу фондуна төлөмдөр боюнча карыздары болсо;
- Маршрутту тейлөө үчүн унаа каражаттарынын зарыл саны болбосо;
- Башка маршрутта иштеп жатышкан автоунаалар башка маршруттарда конкурска катышса.
7. Конкурстук сунушту баалоо тартиби жана жеңичүүнү аныктоо.
29. Конверттерди ачуу, Катышуучулардын сунуштарын баалоо жана жеңичүүнү аныктоо Комиссия тарабынан конкурстун Катышуучусунун катышуусунда же ал жок учурда ишке ашырылат.
30. Комиссиянын катчысы ар бир лот боюнча Катышуучулардын конкурстук документтеринин пакеттеринин ачылышын протоколдоону жүргүзөт.
31. Катышуучу жөнүндө маалымат салынган конверт менен конкурстук сунуштар менен мөөр басылып бекитилген чоң конверттер тунук эмес жащикте болушу керек ,Чоң конверт бекитилген түрдө конкурсту уюштуруучунун мөөрү менен күбөлөндүрүлүүгө тийиш.
32. Комиссиянын төрагасы жащиктеги чоң конверттдердин каалаганын алып чыгат жана конверттин оң тарабынан жогорку бурчуна чоң ариптер менен катар номурду жазып коет.
33. Комиссиянын төрагасы чоң конвертти ачат жана конкурстук сунуштар жаңы Катышуучу жөнүндөгү маалыматтар салынган конверттерге ошол эле катар номурду коет. Андан кийин Комиссиянын төрагасы Комиссиянын мүчөлөрүнө конкурстук сунуш салынган конверттерди берет. Ал эми Катышуучу жөнүндө маалымат салынган конверт ачылбастан чоң конвертте калат.
34. Конкурстук сунуштар Комиссиянын мүчөлөрү тарабынан каралат. Алар документтердин бар экендигин жана таризделишин текшеришет конкурстук сунуштардын ар бир пунктары боюнча конкурстук сунуштарды баалоо шкаласына ылайык (бул Жоболор) бал коюшат (бул Жобонун 13-тиркемеси).
35. Конкурстук сунуштар баалангандан кийин алар Комиссиянын төрагасына берилет, ал аларды ошол эле номурда, чоң конвертке кайрадан салат.
36. Комиссия мүчөлөрү күбөлөндүрүлгөн формалардын негизинде Катышуучунун жыйынтыктоочу баллын бирдей катар номур боюнча суммалайт жана ар бир Катышуучу боюнча жалпы суммалык баллды бул Жобонун 14-тиркемесине ылайык аныкташат, аны конкурстук Комиссиянын катчысы протоколдо каттайт.
37. Жалпы суммалык баллдын жыйынтыгы боюнча Комиссиянын төрагасы максималдуу жалпы суммалык балл топтогон Катышуучунун катар номурун жарыялайт.
38. Комиссиянын төрагасы конкурстун жеңүүчүсүнүн жарыяланган катар номуруна ылайык жеңүүчүнүн номуруна шайкеш чоң конвертти алат, Катышуучу тууралуу маалымат жазылган ковертти алып чыгат, аны ачып конкурстук Комиссиянын мүчөлөрүнө тааныштырат.
39. Конкурстук комиссиянын мүчөлөрүн Катышуучу тууралуу маалымат менен тааныштыргандан кийин, Комиссиянын төрагасы эң көп балл топтогон Катышуучунун маалыматтарын жарыялайт, катчы бул Жобонун 15-тиркемесине ылайык протоколду тариздейт.
40. Эгер эки же андан көп катышуучу максималдуу бирдей балл топтосо, артыкчылык унаа каражаттарынын абалы үчүн көбүрөөк балл алган катышуучуга берилет, эгер унаа каражаттарынын абалы үчүн бирдей балл топтолсо, артыкчылык өндүрүштүк-техникалык база үчүн көбүрөөк балл алган Катышуучуга берилет.
41. Эң көп балл топтогон Катышуучунун конкурстук сунуштарынын маалыматтарынын аныктыгы Комиссия тарабынан көзөмөлдөнүп текшерүүгө алынат. Ал үчүн Катышуучу белгиленген мөөнөттө (10 күндөн ашык эмес) кыймылдуу курамды, өндүрүштүк базаны жана конкурстук сунуштарга ылайык талап кылынган документтерди (лотторду утуп алган бардык унаа каражаттарынын техникалык паспортторун, таандык экендигин күбөлөндүргөн документтерди), билими тууралуу дипломдордун көчүрмөлөрүн (администрациялык- башкаруу персоналы үчүн), маршруттарды тейлөөгө буйруктардын жана келишимдердин көчүрмөлөрүн, төлөмдөрдү төлөө жөндөмдүүлүгү жана салыктар, төлөмдөр боюнча карыздарынын жоктугу жөнүндө маалыматтарды көрсөтөт.
42. Бул жобонун 41-пунктунда көрсөтүлгөндөй конкурстук сунуш көзөмөлдүк текшерүүдө туура эмес фактылар аныкталса Катышуучунун берген сунуштарын, алган баллдын санын комиссия жокко чыгарат жана бул лотко кайрадан катышуу укугун ажыратуу менен аны конкурстан четтетет жана эң көп балл топтогон кийинки Катышуучуну жеңүүчү деп таанып, бул Жобонун 41-пунктунда көрсөтүлгөн жол-жоболорду кайталайт. Комиссия кабыл алган чечим жөнүндө протоколдо көрсөтөт жана Комиссия 10 күндүн ичинде Конкурстун катышуучусуна кабарлайт.
43. Көзөмөлдүк текшерүүдөн кийин Комиссия жыйынтык чыгарат жана акыркы чечим кабыл алат. Конкурстун жеңүүчүсү деп жүргүнчүлөрдү ташууларды уюуштуруунун эң жакшы шарттарын сунуштаган жана Комиссиянын көзөмөлдүк текшерүүсү менен ырасталган бул Жобонун 13-тиркемесине ылайык конкурстук сунуштарды баалоонун тийиштүү шкаласы боюнча эсептелген,эң көп бал алган катышуучу таанылат жана бул Жобонун 16-тиркемесине ылайык протокол таризделет.
44. Конкурс өткөрүлгөндөн кийин 30 күндүн ичинде Комиссиянын катчысы тарабынан тапшырылган конкурстук сунуштардын жыйынтыгы конкурстун баардык катышуучуларына жөнөтүлөт.
45. Комиссиянын чечими боюнча конкурстун жыйынтыктары жарыялангандан кийин 30 күндүн ичинде конкурстун катышуучулары тарабынан даттануу берилиши мүмкүн.
-Конкурстун жыйынтыктары жарыялангандан кийин он күндүн ичинде конкурстун катышуучусу арыз (даттануу) менен комиссияга кайрыла алат.
-Комиссиянын чечимине карата конкурстун катышуучусунун арызы (даттануусу) комиссия тарабынан эки күндүн ичинде каралат.Кароонун жыйынтыгы боюнча комиссия өзүнүн чечимин жокко чыгарат же күчүндө калтырат.
(Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 19-февралындагы №167 токтомунун редакциясына ылайык)
45-1. Эгерде конкурстун катышуучусу комиссиянын чечими менен макул болбосо, анда комиссия тарабынан арызды (даттанууну) кароонун жыйынтыгы алган күндөн тартып 20 календарлык күндүн ичинде ал арыз (даттануу) менен конкурстун уюштуруучусуна кайрыла алат.
-Бул мөөнөт аяктаганда конкурстун катышуучуларынын даттануулары конкурстун уюштуруучусу тарабынан каралбайт.
-Арызды (даттанууну) кароо үчүн конкурстун уюштуруучусу арыз (даттануу) келип түшкөн күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде атайын комиссия түзөт.
45-2. Атайын комиссиянын курамы беш адамдан кем болбошу керек.
-Атайын комиссиянын курамына төмөнкүлөрдүн өкүлдөрү кирет;
- конкурстук уюштуруучусу (эки адам)
- конкурстук комиссиясынан (бир адам)
- автоташуучулардын ассосациясынан (бир адам)
- Ош шаарынын мэриясынан аппаратынан (бир адам).
45-3. Атайын комиссия конкурстун катышуучусунан арыз (даттануу) келип түшкөн күндөн тартып он календардык күндүн ичинде карайт жана чечим чыгарат.
45-4. Атайын комиссия конкурстук комиссиядан,конкурстун катышуучуларынан, конкурстун уюштуруучусунан жана башка мамлекеттик органдардан зарыл болгон маалыматтарды жана документтерди суроого укуктуу.
Арызды кароонун жыйынтыгы боюнча Атайын комиссия 45-3-пункта белгиленген мөөнөттө конкурстук комиссиянын чечимин күчүндө калтыруу же аны жокко чыгаруу тууралуу чечим чыгарат.
Атайын комиссиянын чечими маалымкатта чагылдырылат,ага атайын комиссиянын бардык мүчөлөрү кол коет.
45-5. Атайын комиссиянын чечиминин жыйынтыгы боюнча конкурстун уюштуруучусу тиешелүү буйрук чыгарат.
(Ош шаардык кеңешинин 2019-жылдын 19-февралындагы №167 токтомунун редакциясына ылайык)
46. Комиссиянын чечими сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
47. Конкурстун жыйынтыктары сот тарабынан жараксыз деп таанылган учурда, мурдагы конкурстун жыйынтыктарын жокко чыгаруу жөнүндө соттун чечими күчүнө киргенден кийин 60 күндөн кечиктирилбей конкурс кайрадан өткөрүлөт. Мында, кайрадан катышып жаткан мурдагы конкурстун катышуучуларына конкурстук документтер акысыз берилет.
8. Келишимдин түзүлүшү, аткарылышы жана бузулушу.
48. Комиссиянын протоколунун негизинде конкурстун Уюштуруучусу Кыргыз Республикасында автоунаасы менен жүргүнчүлөрдү ташууну жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга ылайык конкурстун жеңүүчүсү менен маршруттарда автомобиль унаасы менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу үчүн келишим түзөт. (мындан ары-Келишим)
49. Ачык конкурстун жеңүүчүсүнө маршруттарда жүргүнчүлөрдү тейлөө укугу берилет жана аны менен бирдей юридикалык күчкө ээ 2 экземпляр Келишим түзүлөт. Бир экземпляр конкурсту Уюштуруучуда, ал эми экинчи экземпляр конкурстун жеңүүчүсүндө калат.
50. “Конкурстун жыйынтыктары боюнча маршруттарды тейлөө жана ташуучуга бекитип берүү мөөнөттөрү 5 жылга белгиленет”.
51. Жеңүүчү келишим түзүүдөн баш тарткан учурда, Келишим конкурстун жыйынтыгы боюнча кийинки орунду ээлеген Катышуучу менен түзүлөт.
52. Келишимде бул Жобонун 10-тиркемесине ылайык Келишимдин ажырагыс бөлүгү болуп саналган тиркемеси болот, анда Конкурстун жеңүүчүсү маршрутта пайдалануу үчүн конкурстук сунуштарында маалымдаган автобустар көрсөтүлөт.
53. Маршрутта (Маршруттарда) иштөө укугун үчүнчү жакка өткөрүп берүүгө жол берилбейт.
54. Келишим, анын шартында каралган мөөнөттөн мурда токтотулган же Келишимдин колдонуу мөөнөтү бүткөн учурда, конкурсту Уюштуруучу, бул Келишим боюнча тейленүүчү маршрутка (маршруттарга) жаңы конкурс жарыялайт.
55. Келишим тараптардын биринин демилгеси менен бузулган учурда, бузуунун демилгечиси бул жөнүндө Келишим боюнча милдеттер токтотулганга чейин 30 күн мурда экинчи тарапка кат жүзүндө билдирет.
Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси С.Маматалиева.
| Ош шаарында автобустук маршруттарды тейлөө үчүн автоташуучуну аныктоо конкурстарын уюштуруу тартиби жана өткөрүү жөнүндө жобонун 1-тиркемеси |