Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-августу № 3\ 2
“Кара -Кулжа айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондусунун жерлерин ижарага беруу боюнча комиссиянын курамын бекитип берүү жөнүндө”.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы №1997-III “Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун ижарага берүү шарттары жана тартиби жөнүндө типтүү жобону бекитүү туралуу” токтомунун 3-бөлүгүнүн 21-бөлүмчөсүнүн негизинде депутаттардын Кара -Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондусунун жерлерин ижарага берүү боюнча томондогу курамда комиссиянын курамы бекитилсин:-
Солпуев Доолотбай:- айылдык Кенешинин агрардык, азык-тулук, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жанажер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын торагасы, комиссиянын торагасы (макулдашуу менен).
Д.Кадыров:- айыл окмотунун жооптуу катчысы, комиссиянын катчысы.
Комиссиянын мучөлөрү :
А.Ормокеев :- Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы.
Б.Жээнбеков :- Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары.
Насирдинов Кадырали :- айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, коммуналдык маселе жана озгочо кырдааладар боюнча башкы адиси .
Кадыр уулу Тыныбек:- айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу, айыл чарбасы боюнча адиси.
Байымбетов Тыныбек:- алты мандаттуу №4 Биймырза шайлоо шайлоо округунун айылдык Кенешинин депутаты (макулдашуу менен).
Байгожоев Уларбий:- сегиз мандаттуу №1 1-Май шайлоо шайлоо округунун айылдык Кенешинин депутаты (макулдашуу менен).
Муратбеков Нурадыл:- он мандаттуу № 2 Совет шайлоо шайлоо округунун айылдык Кенешинин депутаты (макулдашуу менен).
Н.Мамашов :-айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу, айыл чарбасы боюнча жетектоочу адиси.
11 .Кудайбердиев Сайдилкадыр:- Биймырза айылынын айыл башчысы.
Алиев Эмил :- 1-Май айылынын айыл башчысы
Таиров Эрмен :- Аксакалдар сотунун мүчөсү.
2. Кара -Кулжа айыл өкмөтүнүн мамлекеттик фондусунун жерлеринин 1 га-чоп орунду жер 600 сом. 1 га кайрак айдоо жер 1200 сом, сугат айдоо жер 1 га - 3300 сом жана бак 1 га жер аянты I категория -3000 сом (сугат жер), II категория -2000 сом (кайрак айдоо жер), III -1100 сом (таштак жер) өлчөмүндө баштапкы баасы бекитилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы депутаттардын Кара –Кулжа айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага жүктөлсүн.
Төрага | Б.Саипов |