Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-августу № 4 \ 1
“Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин кезексиз үчүнчү сессиясынын (VI шайланган) жыйналышынын 17.08. 2017-жылы № 3 \ 4, № 3 \ 5, № 3 \ 6, № 3 \ 7, № 3 \ 8, № 3 \ 9, № 3 \ 11, № 3 \ 12 токтомдорунун аткарылышынын абалы жөнүндө”
Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Мойдунованын маалыматын угуп жана талкуулап Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
Айылдык Кеңешинин кезексиз үчүнчү сессиясынын (VI шайланган) жыйналышынын 17.08. 2017-жыл. № 3 \ 6 “Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн мурунку башчысы А.Пазыловдун эмгек акысы жөнүндөгү” токтому толугу менен аткарылгандыгы, 17.08. 2017-жыл № 3 \ 7, № 3 \ 8, № 3 \ 9 “Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2017-жыл бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү” жана 17.08. 2017-жыл № 3 \ 12 “Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын мандайындагы “Ленин” багын Кара-Кулжа айыл өкмөтүнө муниципалдык менчигине кабыл алуу жөнүндөгү”, ошондой эле 17.08. 2017-жыл № 3 \ 4 “Кара-Кулжа айылында жайгашкан Тынчтык (мурунку Парк-Мира) атындагы бактын түштүк-батыш тарабындагы 30-жылдан бери суу чыкпай бактары куурап. пайда бербей калган тарабынан 3.0 га жер аянтын корустонго болуп берүү үчүн жер аянтын которууга (трансформациялоо) жогорку органдарга сунуштоо жөнүндөгү” токтомдору негизинен аткарууга алынгандыгы белгиленсин.
Айылдык Кеңешинин кезексиз үчүнчү сессиясынын (VI шайланган) жыйналышынын жана 17 . 08. 2017-жыл. № 3 \ 5 “Жергене таштанды тогуучу жайдын батыш тарабында жайгашкан К.Абдраимовдун кайракы 0.35 га улуш жер аянтын пайдалануу үчүн. айыл өкмөттүн мамлекеттик фондусунун жер аянтынан убактылуу ижарага берүү жөнүндөгү” токтому аткарууга алынбагандыгы, Биймырза айылындагы Сейил багына бөлүнгөн акча каражаты иштетилбегендиги жана Алмаз уулу Субан мектебинин жылытуучу печинин моорусу ондолбогондугу белгиленсин,
Кара-Кулжа айылындагы Ч.Пазылов атындагы көчөнүн бир бөлүгүн асфальтоо ДЭУ-26 ишканасы тарабынан аткарууга алынып, ага бөлунгөн 350.000 (үч жүз элүү миң) сом акча каражаты экономдолуп, айыл өкмөтүнүн киреше бөлүгүнө толуктоолор киргизилсин.
4.1-Май айылындагы “Кок-Жар-Сай” көпүрөсүн калыбына келтирүү иштери жана долбоор даярдоо багытында 2 (эки) жолу тендерге жарыя берилип, бирок тендерге катышуучу чыкпагандыктан, ага бөлүнгөн 2200.000(эки миллион эки жүз миң) сом акча каражаты экономдолгону белгиленсин.
Төрага | Б.Саипов |