Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-октябры № 4 \ 5
«Кара-Кулжа Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) 2017-жылга аткарып жаткан ишинин аткарылышынын абалы жөнүндө”
Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Д.Сөлпүевдин билидирүүсүн угуп жана талкуулап Кара -Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кара-Кулжа Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) 2017-жылга аткарып жаткан ишинин аткарылышынын абалы канаттандырарлык эмес деп табылсын.
Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) 2017-жыл бюджетинин 9-айынын аткарылышынын киреше жана чыгаша бөлүгүндө кемчилдиктер белгиленсин.
Кара-Кулжа Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин (ЖПБ) төрагасы А.Бегимкановдун ээлеген кызмат оорду каралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жаты депутаттардык Кара-Кулжа айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага жүктөлсүн.
Төрага | Б. Саипов |