Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-октябры № 4/11
“Кара-Кулжа айыл аймагы биргелешкен муниципалдык таза суу ишканасын уюштуруп түзүү жөнүндө”
Кара -Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеев элди таза суу менен камсыз кылуу максатында Кара -Кочкор, Кара -Кулжа, Кара -Гуз жана Ылай -Талаа айыл аймактары биргелешкен муниципалдык ишканасын түзүү боюнча маалыматты угуп жана талкуулап депутаттардын Кара -Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.Кара -Кулжа айыл аймагынын элин таза суу менен камсыз кылуу максатында биргелешкен муниципалдык таза суу ишканасы уюштурулсун.
2.Биргелешкен муниципалдык ишкананын керектуу документтерин даярдоо жагы Кара - Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевке милдеттендирилсин.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кара –Кулжа айылдык кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат, Кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.Саипов |