Редакцияот 15.12.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

кезексиз бешинчи сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы

 

2017-жылдын 15-декабры № 5/9

 

«Биймырза айылынын батыш тарабында Кара -Кулжа дарыясы жаз-жай мезгилинде суу кирген убакта ар жылда айыл чарбасына жарактуу (үлүш) жерлерди коргоого дамба курууга уруксат берүү жөнүндө»

Биймырза айылынын батыш тарабында Кара -Кулжа дарыясы жаз-жай мезгилинде суу кирген убакта ар жылы (үлүш) жерлерди алып кетип жаткандыгы жөнүндө айылдык кеңештин депутаты Н.Казакбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап Кара -Кулжа айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Биймырза айылынын батыш тарабында Кара -Кулжа дарыясы жаз-жай мезгилинде суу кирген убакта ар жылда айыл чарбасына жарактуу (үлүш) жерлерди коргоого дамба курууга уруксат берилсин.

Биймырза айылынын батыш тарабынан Кара -Кулжа дарыясы жаз-жай мезгилинде суу кирген убакта ар жылда айыл чарбасына жарактуу (үлүш) жерлерди коргоого дамба куруу жагы Кыргыз Республикасынын айыл чарба тамак-аш онер жайы жана мелиорация министрлигинен суралсын.

Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кара -Кулжа айылдык кеңешинин агрардык, азык-тулук, айыл жана суу чарба, жерге жайгаштыруу, жер жана жер ресурстары, экология жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Д.Сөлпуевге жуктөлсүн.

 

Төрага

 Б.Саипов