Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-августу № 3/6
«Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн мурунку башчысы А.Пазыловдун эмгек акысы жөнүндө»
Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат, Кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын 28.07.2017-жыл № 2-2 “мурунку Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн башчысы А.Пазыловдун эмгек акысы жөнүндөгу протоколдук чечимин жана депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин социалдык- маданий, билим берүү, спорт, миграция, туризм, саламаттыкты сактоо, коммуналдык менчик, маалымдуулук, жаштардын иштери, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо, экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын 02.08.2017-жыл № 2 “Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн 2017-жыл бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгу” протоколдук чечимин угуп жана талкуулап депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа райондук Сотунун “Кара-Кулжа айыл өкмөтүнүн мурунку башчысы А.Пазыловдун эмгек акысын өндүрүү жөнүндөгү” токтомунун негизинде жергиликтүү бюджеттин эсебинен 312.110 (уч жуз он эки миң бир жүз он) сом эмгек акысына бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага жүктөлсүн.
Төрага | Б.Саипов |