Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-августу № 3/10
«Калктуу конуштардагы электр энергиясынын темир бетон (ЖБ) тирегичтерин орнотуу, туруктуу комиссиянын мүчөлүгүнө Акин уулу Асанды кабыл алуу жана айылдык кеңештин иш кагаздарын жүргүзүүнү үзгүлтүккө учуратбоо Биймырза айылындагы мектептин жана бала бакчанын жер аянтын чечип берүү жөнүндө»
Депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат, Кеңештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын 28.07.2017-жыл № 2-1,2-3, 2-4 жана 2-5 “Калктуу конуштардагы электр энергиясынын темир бетон (ЖБ) тирегичтерин орнотуу, туруктуу комиссиянын мүчөлүгүнө Акин уулу Асанды кабыл алуу жана айылдык кеңештин иш кагаздарын жүргүзүүнү үзгүлтүккө учуратбоо, Биймырза айылындагы мектептин жана бала бакчанын жер аянтын чечип берүү жөнүндөгү” протоколдук чечимин угуп жана талкуулап депутаттардын Кара- Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Кулжа айылындагы Бекен уулу Рыспай атындагы көчөдөгү электр энергия мамычаларын алмаштыруу жагы райондук электр тармактар ишканасына (РЭТ) милдеттендирилсин.
2. Жети мандаттуу № 3 Кара-Кулжа шайлоо округу ну н депутаты Акин уулу Асан депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кенешинин мыйзамдуулук, укук тартиби, мандат, Кенештердин иштери, депутаттык этика, коомдук уюмдардын, саясий партиялардын жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиясынын курамына кабыл алынсын.
3. Жооптуу катчынын милдетин аткарууну үзгүлтүккө учуратпоо жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге тапшырылсын.
4. Биймырза айылындагы мектептин жана бала бакчанын жер аянтын чечип берүү маселеси кошмо жыйында каралсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдоо жагы депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага жүктөлсүн.
Төрага | Б.Саипов |