Редакцияот 27.10.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 кезексиз төртүнчү сессиясынын (VI шайланган) жыйналышы

 

2018-жылдын 27-октябры № 4/4

“Мектеп алдында уюштурулган 1-Май, Биймырза жана Сары-Камыш айылындагы бала бакчалардын жер аянтын чечип берүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчиги жөнүндө'’ мыйзамынын № 6 “Мамлекеттик менчик имараттарды, муниципалдык менчикке өткөрүү айылдык кеңештин макулдугу менен жүргүзүлүшү жөнүндөгү” статьясына жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31- беренесинин, 5- «Жергиликтүү жамааттын муниципалдык менчигин пайдалануунун жана ага ээлик кылуунун тартибин аныктоо, анын ичинде муниципалдык менчиктин пайдаланышын көзөмөлгө ишке ашыруу жөнүндөгү» бөлүмчөсүнө ылайык Кара -Кулжа айылдык Кеңеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

1. Мектеп алдында уюштурулган 1-Май, Биймырза жана Сары-Камыш айылындагы бала бакчалардын жер аянтын чечип берүү аткарууга алынсын.

2.1-Май, Биймырза жана Сары-Камыш айылындагы бала бакчаларга тийиштуу жер аянттарынын карта-схемасын даярдап жана жер аянтарын тактап мамлекеттик АК Т сын даярдап берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ормокеевге милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.

 

Төрага

Б.Саипов