Редакцияот 14.07.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЛЮКСЕМБУРГ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 14-июлу № 26/8/27

«Акча каражатын бир беренеден экинчи беренеге өткөрүү жөнүндө»

Каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Р.С.Абалбекованын Я.Я.Ваккер орто мектебинин имаратынын чатырын жана Киршелк орто мектебинин от жагуучу жайын оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн акча каражатын бир беренеден экинчи беренеге өткөрүү жөнүндө маалыматын угуп

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Люксембург айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы (Р.С.Абалбекова) Я.Я.Ваккер орто мектебинин имаратынын чатырын жана Киршелк орто мектебинин от жагуучу жайын оңдоп-түзөөдөн өткөрүү үчүн «ТКЧ 70629» бөлүгүнүн 3111-беренесинен 342,0 миң сомду, «Билим берүү 70921» бөлүгүнүн 2221-беренесинен 342,0 миң сомду которсун.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.И.Сейталиевге жүктөлсүн.

 

 

Төрага

А.Кожонов