САДЫР АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышындагы III сессиясы
2017-жылдын 12-майы № 19
Айылдык кеӊештин нормативдик укуктук актыларын (токтом) мамлекеттик тилде жүргүзүү жөнүндө
Эл депутаттарынын Садыр аке айылдык Кеңешинин ХХVII–чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Садыр аке айыл аймагында калктын көпчүлүк курамы кыргыз улутунда болгондуктан, айылдык кеӊештин нормативдик укуктук актылары мамлекеттик тилде кабыл алынсын.
2.Облустук Юстиция башкармалыгынан ушул токтомду Мамлекеттик реестрге киргизип берүү жагы суралсын
3.Бул токтомдун аткарылышы Садыр аке айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Аруновго милдеттендирилсин.
Төрага | Ж.Кадыркулов |