Загрузка документа…
КЫЗЫЛ БЕЛЕС АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-январы № XIV/ II
«Кызыл Белес айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын « Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү » мыйзамынын 31-беренесине ылайык, жергиликтүү жамааттын Уставынын долбоорун иштеп чыгуу жана талкулоо боюнча жумушчу топтун төрагасы, Кызыл Белес айыл өкмөтүнүн башчысы А. Абдылдаевдин маалыматын жана Кызыл Белес айылдык Кеӊешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо, муниципалдык менчик, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиянын корутундусуна ылайык, аталган туруктуу комиссиянын төрайымы С. Нуралиеванын маалыматтарын угуп, талкуулап, кызыл Белес айылдык Кеӊеишинин кезексиз чакырылган XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл Белес айыл аймагынын Жергиликтүү жамаатынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин ( тиркелет ).
2. Кабыл алынган токтом тиркемеси менен жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын. Аталган токтом тиркемеси менен расмий жарыялангандан кийин, Нарын областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн көчүрмөсү жиберилсин.
3. Жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо жана ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү Кызыл Белес айыл аймагынын жооптуу катчысы Кайымбек уулу Соӊкөлбекке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кызыл Белес айыл өкмөтүнүн башчысы А. Абдылдаевге жана Кызыл Белес айылдык Кеӊешинин мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыкын коргоо, муниципалдык менчик, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясына С. Нуралиевага жүктөлсүн.
Төрага | Турдубеков У. |
Жалпы жоболор
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү маанидеги маселелер
Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкарууну жүзөгө ашырууга түз катышуу формалары
Жергиликтүү жамааттын жергиликтүү маанидеги маселерди чечүүгө катышуусу
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негиздери
Корутунду жоболор
1.Кызыл Белесайыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы -жергиликтүү жамааттын жыйындарында (чогулуштарында) же курутайларында талкуунун жыйынтыгы менен айылдык кеңештин токтому аркылуу бекитилүүчү, жергиликтүү жамааттын ич-ара жашоо-турмушун негизги эрежелерин жана принциптерин жөнгө салуучу,жергиликтүү жамааттардын мүчөлөрүнүн укуктарын жана милдеттерин кароочу, жергиликтүү жамааттардын бюджеттик процесстерге катышуусун кошкондоа жергиликтүү маанидеги маселелерди жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен жөнгө салынбаган жергиликтүү өз алдынча башкаруу ишинин башка маселелерин чечүүдө жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн бири бири менен жана жергиликтүү жамааттын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелеринин тартирбин кароочу акт болуп саналат.
1.2. Ушул Устав Кызыл Белесайыл аймагында колдонулат жана өздөрүнүн уюштуруу-укуктук түрлөрүнө карабастан, айыл аймагында иштеп жаткан бардык юридикалык жактар, ошондой эле жеке жактар жана алардын бирикмелери үчүн милдеттүү болуп саналат.