Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезексиз бешинчи сессиясы
2017-жылдын19-июлу № 4/1
2017-2020-жылдарга Кербен шаарын өнүктүрүүнүн стратегиялык планы жөнүндө
Кербен шаарынын мэри Н.Эсеналиевдин «2017-2020-жылдарга Кербен шаарынын өнүктүрүүнүн стратегиялык планы жөнүндө»маалыматына жана шаардык Кеӊештин финансы, бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2017-жылдын 19-майындагы № 10 токтомуна ылайык,
«КР жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин экинчи жана 44-беренесинин биринчи пунктуна негиз маселени карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги төртүнчү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. 2017-2020-жылдарга Кербен шаарын өнүктүрүүнүн стратегиялык планы бекитилсин. 2017-2020-жылдарга жактырылган Кербен шаарын өнүктүрүүнүн стратегиялык планы алар кабыл алынуучу ар бир конкреттүү мезгилде тактоого жатат (тиркелет).
2. Кербен шаарынын мэриясы, стратегиялык планды аткаруу боюнча тиешелүү иш чараларды уюштурсун.
3. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб - сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р.Момуновго тапшырылсын.
Төрага | Н.Шадыбеков |
| Жалал-Абад областынын Аксы районунун Кербен шаардык Кенешинин 2017-жылдын 30-майындагы 4/1 токтому менен бекитилди |
Бул Онугуу Стратегиясы жана Инвестициялык План Кербен шаардвык кенешинин депутаттары, шаардын тургундары, шаар мэриясынын катышуусу жана коомдук уюмдар менен окмоттук эмес уюмдар тарабынан иштелип чыкты
Кербен шаарынын онугуу стратегиялык программасы Кыргыз Респуликасынын Окмотунун 2017- жылдан 2022-жылга чейин онуктуруунун комплекстуу негизи болгон жалпы улуттук стратегиянын жана Кербен шаар мэриясынын социялдык экономикалык онугуу программасынын негизинде жана айылдарды онуктуруу учун оз алдынча тузулгон жамааттардын, мамлекеттик эмес уюмдардын жана коомчулуктардын жашоо турмушун жакшыртуу боюнча топтолгон тажрыйбаларына таянып иштелип чыкты.
Бул программа айылдардагы элдик жыйындарда кенири талкууланып проблемалар тандалып алынгандан сон жалпылаштырылууда.
Стратегиялык программа элдин турмуш шартын, жашоо денгээлин, рухий доолотун которуу менен жергиликтуу озун озу башкаруу органдарынын ролун которуу максатын коздойт. Анткени, социалдык жактан моблизациялоонун негизин калктын жогорку экономикалык жигердуулугу тузору шексиз экендиги айгинеленуудо.
Бул багытта Кербен шаардык Кенешинин аймагында да адамдар оздору натыйжалуу иштей ала турган, кобуроок каражат таап, жакшы жашай турган шарттарды тузуу мудоосун коюшууда. Олкобуздогу озгоруштордун ачык айкындыгы жана демократиялык мунозу шаардык кенештин аймагында жашаган жамааттардын пайда болгон проблемаларын кыйла женилдетууго шарттарды тузуу сунуш кылынууда.
Кербен шаардык Кенешинин онугуусунун стратегиясы – стратегиялык план - шаардык Кенештин аймагындагы коомчулуктун этабы менен онугуусунун багыты болуп эсептелет, ага жетуунун жолдору айылдарда тузулуп сурамжыланган фокус группалар тарабынан аныкталган койгойлуу маселелерди чечуу багытында бир канча иш-чараларды аткаруу аркылуу аныкталат. Бардык аныкталган проблемалар коомчулуктун ар бир мучолорун камтыган айылдарда откорулуучу жыйындарда талкууланып жана тастыкталып, шаардык Кенештин сессиясында бекитилди.
Кербен шаарынын жакынкы келечектеги корунушу (элеси, онуту – видение)
Социалдык-экономикалык инфраструктурасы онуккон, жаратылышы корктолгон жана кооз кочолору менен баарын озуно тарткан, туристтер учун азыркы талапка ылайыктуу шарттар тузулгон жана узгултуксуз туристтер келип турган, маданияты онуккон, жогорку интелектуалдуу жаштары коп, Кербен шаардык Кенеши ынтымак ырашкерликте жана байгерчиликте жашаган аймак. |
1. Онугуунун негизги багыттары
1.1 Шаардын инфраструктурасын ондоп-тузоо жана кайра калыбына келтируу