Редакцияот 13.02.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОРКЕН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

VIII чакырылышынын VII сессиясы

 

2018-жылдын 13-февралы № 21

Камбар –Ата -2 ГЭС ин кайтарууга жана коргоого алган Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын 718 аскер бөлүгүнүн Кара Жыгач айылында жайгашкан кайтаруу батальонунун жерин жана имаратын Улуттук гвардиянын 718 аскер бөлүгүнүн балансына өткөрүп берүү боюнча

Камбар –Ата -2 ГЭС ин кайтарууга жана коргоого алган Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын 718 аскер бөлүгүнүн Кара Жыгач айылында жайгашкан кайтаруу батальонунун жерин жана имаратын Улуттук гвардиянын 718 аскер бөлүгүнүн балансына өткөрүп берүү боюнча А.Суеркулов атындагы айылдык Кеӊешинин VIII чакырылышынын VII сессиясы карап жана талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Камбар –Ата -2 ГЭС ин кайтарууга жана коргоого алган Куралдуу Күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын 718 аскер бөлүгүнүн Кара Жыгач айылында жайгашкан кайтаруу батальонунун жерин жана имаратын Улуттук гвардиянын 718 аскер бөлүгүнүн балансына өткөрүп берүү боюнча ишти мыйзам чегинде которуп берүү жагы Торкен айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.

2. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

3. Токтомду www. Тorken.kg веб сайтына жайгаштыруу оператор-компютерщик Т.Кебековго тапшырылсын.

4. Бул токтом www.Torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.

 

Төрага

У.Бучуков