Загрузка документа…
КАРА-КУЛЖА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-октябры № 4/10
«Кара-Кулжа айылында жайгашкан “Автобекет”, “Ош-3000” Шаркыратма жана “Гул-Азык” базарларынын санитардык-гигиеналык абалын жакшыртуу максатында тазалык (санитардык) күнүн жана убактысын бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын 20.03.2002-жыл 40 "Кыргыз Республикасында ички соода жөнүндөгү” мыйзамынын 5-беренесин жана Кыргыз Республикасынын 24.07.2009-жыл 248 "Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндөгү” мыйзамынын 22-1 -беренесин жетекчиликке алып Кара-Кулжа айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Кара-Кулжа айылында жайгашкан “Автобекет”, “Ош-ЗООО” Шаркыратма жана “Гул - Азык” базарларынын санитардык-гигиеналык абалын жакшыртуу максатында ар бир жуманын дүйшөмбү күндөрү саат 8-00 ден 12-00 го чейин тазалык (санитардык) күнү, убактысы белгиленсин жана турмуш-тиричиликтен чыккан таштандыларды тазалоо иштери жүргүзүлсүн.
2.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 11.04.2016-жыл № 201 "Тамак аш азыктарындын жана чекене сатуу жана коомдук тамак-аш имараттарына коюлган санитардык- эпидемиологоялык талаптардын ченемдерине жана эрежелерине ылайык иш алып баруу жөнүндөгү” токтомун аткаруу жана калктуу конуштардагы катуу тиричилик калдыктарын жок кылуу, тазалыкты камсыздоо жагы “Автобекет”, “Ош-3000” Шаркыратма жана “Гул- Азык” базарларынын жетекчилерине жана жеке ишкерлерге милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы депутаттардын Кара-Кулжа айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары А.Мойдуновага жүктөлсүн.
Төрага | Б.Саипов |