Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-майы № 23/111-27
“Нурманбет айыл аймагында ичүүчү таза суунун төлөм акысынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө”
Нурманбет айылдык кенешинин кезектеги сессиясында Нурманбет айыл аймагында ичүүчү таза суунун төлөм акысынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө маселени карап чыгып Нурманбет айылдык кенеши
токтом кылат:
1.Нурманбет айыл аймагында ичүүчү таза суунун төлөм акысынын өлчөмү мурдагы жылдардагы деңгээлде калтырылып,төмөндөгүдөй тартипте бекитилсин
-таза суу төлөмү ар бир кишинин башына айына -10 сом
-борбордук суу тутумуна туташууга уруксаат алуу-500 сом
-борбордук суу тутумуна уруксаатсыз туташкандарга айып пул-5000сом
-менчик үйлөрдө сууну тартипсиз агызуу жана жашылча-өсүмдүктөрдү сугарууга айып пул-500сом
-борбордук суу тутумуна өнөр жай ишканаларын туташтырууга-1000 сом
2.Бекитилген төлөм акыларынын өлчөмү монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги менен макулдашылсын
3.Бул токтомду аткарылышын көзөмөлдөө Нуманбет айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Иманов
|