Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-майы № 24/111-27
“Талаачылык түшүмүн тебелеткен мал ээлерине жана кечкисин спирт ичимдиктерин саткан дүкөн ээлерине айып пул салуу жөнүндө”
Нурманбет айылдык кенешинин кезектеги сессиясында дыйкан чарбаларынын талаачылык түшүмдөрүн тебелеткен мал ээлерине жана кечкисин спирт ичимдиктерин саткан дүкөн ээлерине айып пул салуу жөнүндө маселени карап чыгып токтом кылат:
1.Дыйкан чарбаларынын талаачылык түшүмүн тебелеткен мал ээлерине төмөндөгүдөй айып пул салынсын:
-уй баласынын башына-1000 сом
-2 -жолу кайталанса-3000 сом
-жылкы баласынын башына-1000 сом
-2 -жолу кайталанса-3000 сом
-кой баласынын башына- 200 сом
-кечкисин спирт ичимдиктерин саткандарга 1-жолу -1000сом
2-жолу- 3000 сом
2.1-февральдан 1-октябрьга чейин малдарды талаачылык түшүмдөрү эгилген жерлерге кайтарууга тыюу салынсын.
3.18 жашка чейинки балдарга тамеки,насвай,спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынсын.
-кечки саат 10дон кийин дүкөндөрдө спирт ичимдиктери сатылбасын,кыш мезгилинде саат 8ден кийин сатылбасын
4.Милициянын аймактык тескөөчүсү тарабынан аракечтикке каршы мас болгон жарандар менен иш жүргүзүү үчүн 1 айда 2 жолу рейд жүргүзүлсүн
-спорткомплексте жана башка коомдук жайларда спирт ичимдиктерин ичүүгө тыюу салынсын
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына жана айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Б.Артыкбаевке тапшырылсын.
Төрага | А.Иманов |