Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-майы № 26/111-27
“Сугат суу пайдалануучулар бирикмелеринин ички сугат арыктарын 2017-жылдагы сугат мезгилине даярдыктары жана дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылуу жөнүндө”
Нурманбет айыл өкмөтүнун аймагындагы “Балбан суу”,”Гөк чаар”,”Эпкин суу” сугат суу пайдалануучулар бирикмелеринин ички сугат арыктарынын 2017-жылдагы сугат мезгилине даярдыктары жана дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылуу жөнүндө бирикмелеринин жетекчилеринин маалыматын угуп,талкуулап Нурманбет айылдык кеңеши
токтом кылат:
1.Сугат суу пайдалануучулар бирикмелеринин ички сугат арыктарын 2017-жылдагы сугат мезгилине даярдыктары жана дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылуу жөнүндө маалымдамасы эске алынсын
2.Бирикмелердин жетекчилери К.Сардарбеков,Э.Султангазиев,Кемел уулу А төмөндөгүлөрдү аткаруу милдеттендирилсин:
-кол менен тазалоочу арыктарды сугат мезгилине чейин тазалап бүтүрүү
-2017-жылдагы сугат мезгилинде дыйкандарды тынымсыз,жетиштүү көлөмдө сугат суу менен камсыз кылуу
-“ Балбан суу”,”Гөк чаар” бирикмелеринин 2016-жылы колдонгон суу үчүн төлөм карыздары жакынкы арада чогултусун.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башкы адиси Б.Артыкбаевге жүктөлсүн.
Төрага | А.Иманов |