Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-майы № 27/111-27
“Нурманбет айыл аймагынын жайыт колдонуучуларынын жыйынын протоколун бекитүү жөнүндө”
Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында “Жайыт” комитетинин А.Токтоналиев,Первомай,Нурманбет айылдарында жайыт колдонуучулардын жыйындарында,фокус-группаларында жайыттарды жакшыртуу,мал чарбасынын асыл-тукумдуулугун жогорулатуу,малдарды эмдөөнүн сапатын жогорулатууга багытталган долбоорлорду колдоо боюнча кабыл алынган чечимин карап жана талкуулап Нурманбет айылдык кеңеши
токтом кылат:
А.Токтоналиев,Первомай,Нурманбет айылдарында жайыт колдонуучулардын жыйындарынын протоколдору бекитилсин
Долбоордун негизинде 1-ветеринардык аптека куруу,ири мүйүздүү малды жасалма куудуруу пунктун ачуу иштери жактырылсын
Бул токтомдун аткарылышын козөмөлдөө айылдык кеңешинин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Иманов
|