Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-майы №29 /111-27
“Нурманбет айылдык кенештин туруктуу комиссияларынын милдеттери жөнүндө”
Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын аткара турган милдеттери жөнүндө маселени карап сессия
токтом кылат:
1.Айылдык туруктуу комиссиялары төмөндөгүлөргө милдеттүү:
-жергиликтүү кенеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышына жана жергиликтүү жамааттардын уставынын талаптарынын аткарылышы сакталышына көзөмөлдү ишке ашырат.
-Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана кенештин регламенти аркылуу сунушталган башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
-кенештин туруктуу комиссиялары өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрация органдарынын жана жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарынын жана аймакта жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерин жана адистерин угууга укуктуу.
-кенештин туруктуу комиссиялары кенештин карамагына таандык маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо, ошондой эле кенештин чечимдерин ишке ашырууга, ушул чечимдердин аймакта жайгашкан мекемелер жана уюмдар тарабынан аткарылышына көзөмөлдүк кылуу үчүн түзүлөт
-кенештин туруктуу комиссиялары өзүнүн ишине окумуштууларды, адистерди, практик кызматчыларды, дагы башка адамдарды тартууга укуктуу.
-кенештин кароосуна киргизилүүчү экономикалык, социалдык жана улуттук маданий өнүгүүгө байланышкан маселелерди даярдоого катышат.
-аймактын социалдык-маданий жана өндүрүштүк инфраструктурасын өнүктүрүү, айыл өкмөтүнүн экономикалык негизин чындоо боюнча кенешке сунуштарды киргизет.
-аймактын экономикалык жактан өнүгүүсүнүн жана бюджеттин пландарынын долбоорлорун, пландардын аткарылышы жана бюджеттин толтурулушу жөнүндө отчетторду алдын ала карайт, алар боюнча өздөрүнүн сын-пикирлерин даярдайт, зарылчылык туулса, аларды кенешке киргизет.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин депутаттарына жүктөлөт.
Төрага | А.Иманов |