Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-июлу № 31/1У-27
“Каржы каражатын бөлүштүрүү жөнүндө”
Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында айыл өкмөтүнүн каржы каражатын сарптоо боюнча маселени карап жана талкуулап Нурманбет айылдык кеңеши
токтом кылат:
1.”Гүл балалык” бала бакчасынын катуу шамалдан чатырынын шиферлерин учуруп кеткендигине байланыштуу 70911 бөлүгүнүн 2222 элементинен -20,0 миң сом,70911 бөлүктүн 2221 элементине +20,0 миң сом жылдырылсын
2.Исабеков Алмазбектин арызын карап чыгып Нурманбет айыл өкмөтүнө жер сатып алуу үчүн төгүлгөн акча каражаты кайтарылып берилсин
3.Нурманбет айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын атайын эсептин эркин калдыгынан Ысык-Ата районунун мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун №287 катынын негизинде адамдар жана малдардын жугуштуу орууларды болтурбоого,дарылоо иштерин жүргүзүүгө 10,0 миң сом каралсын
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нурманбет айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А.Иманов |