Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-июлу № 34/1У-27
“Спирт ичимдиктерин жана тамеки, насвай сатууну иретке келтирүү жөнүндө”
Нурманбет айылдык кеңешинин кезектеги сессиясында аймакта спирт ичимдектерин ичкендердин саны көбөйгөндүгүнөн,жер-жерлерде топтошкон мас абалындагы адамдар чогулуп ичкендиктерине байланыштуу жана дүкөндөрдүн тегерек четин тазалыкка келтирүү максатта айылдык кеңеши
токтом кылат:
1.Нурманбет айыл аймагындагы А.Токтоналиев,Нурманбет,Первомай айылдарындагы дүкөн ээлерине:
-18 жашка чейинки балдарга тамеки,насвай,спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынсын.
-кечки саат 10дон кийин дүкөндөрдө спирт ичимдиктери сатылбасын,кыш мезгилинде саат 8ден кийин сатылбасын
2.Милициянын аймактык тескөөчүсү И.Жээнбековко:
-дүкөндөрдүн жанында топтошуп арак ичкендерди тартипке чакыруу иштерин жүргүзсүн
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Иманов
|