Загрузка документа…
НУРМАНБЕТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-сентябры № 35 /У-27
“А.Молдокулов жана М.Койбагаров атындагы орто мектептеринин жана “Эпкин-Нур”,”Гүл балалык” балдар бакчаларынын жаңы окуу жылдарына даярдыктары жөнүндө”
Нурманбет айылдык кеңеши кезектеги сессиясында А.Молдокулов,М.Койбагаров атындагы орто мектептеринин жана “Эпкин-Нур”,”Гүл балалык” балдар бакчаларынын жаңы окуу жылдарына даярдыктары жөнүндө мектептер менен балдар бакчаларынын жетекчилиринин маалыматын угуп жана талкуулап айылдык кеңеши
токтом кылат:
1.А.Молдокулов жана М.Койбагаров атындагы орто мектептеринин жана “Эпкин-Нур”,”Гүл балалык” балдар бакчаларынын жаңы окуу жылдарына даярдыктары жөнүндө маалыматы эске алынсын
2.Айыл өкмөтүнүн башкы адиси Б.Артыкбаевке,айыл өкмөтүнүн адиси Б.Байгазиевге:
-10-октябрьга чейин мектептерге 2017-2018-жылдагы от калоо мезгилине карата көмүр ташып келүү камсыз кылынсын
-М.Койбагаров атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын имаратына энергетика паспортун алуу үчүн мамкаттоодон өткөрүү иштери тез арада аягына чыксын
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Ниязовго жүктөлсүн.
Төрага | А.Иманов |