Загрузка документа…
ЖАҢЫ-ЖЕР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017- жылдын 12-июлу № 8-27/3
«Комуналдык ишкананын ачылышы жөнүндө»
Комуналдык ишкананын ачылышын жана калкка комуналдык кызматтарды камсыз кылуу жөнүндөгү Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап
Жаңы –Жер айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жаны -Жер айыл аймагына караштуу калкка комуналдык кызматтарды жана суу менен камсыз кылуу боюнча коммуналдык ишкана ачылсын.
2. Жаны -Жер айыл аймагына караштуу калкка комуналдык кызматтарды жана суу менен камсыз кылуу ишканасы каттоодон өтсүн.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин орун басары Т.Султанбаевке жүктөлсүн.
Төрага |
М.Кадыров |