Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-сентябры № 28
“Дөң-Булак айыл өкмөтүнүнүн 2017-жылдын 9 айынын бюджетинин лимитине кошумча өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн төлөм багытынын “Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жерсалыгы” төлөм коду 11321300 беренесине пландан ашыкча түшкөн кирешенин негизинде, аталган беренеге 205,8 миң сом план алуу максатында жана жогорудагы киреше каражатын чыгашасын аныктоо үчүн, Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июну № 78, мыйзамынын, “Чыгымдардан ашкан кирешелерди пайдалануу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын” 17-беренесине ылайык, Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн төлөм багытынын “Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүнжерсалыгы” төлөм коду 11321300 беренесине пландан ашыкча түшкөн кирешенин негизинде, аталган беренеге 205,8 миң сомго лимит суралып, аткарууга алынсын.
Жогорудагы “Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүнжерсалыгы” кирешесинен түшкөн каражаттын аппарат бөлүмүнүн 2215 беренесине 205,8 миң сомго лимит суралып, айыл өкмөтүнүн инвентар жүргүзүүгө жумшалып аткарууга алынсын.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет, финансы, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | П. Эсеналиев
|