Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-ноябры № 34
“Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын 9 айынын бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Дөн-Булак айыл өкмөтүнүн мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн 2222 статьясындагы акча каражатын 2017-жылга карата иштелбей калгандыгына байланыштуу, айыл өкмөтүнүн имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү максатында, Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июну № 78, мыйзамынын, “Чыгымдардан ашкан кирешелерди пайдалануу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын” 17-беренесине ылайык, Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
Дөн-Булак айыл өкмөтүнүн мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн 2222 статьясындагы акча каражатын, айыл өкмөтүнүн мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн 3111 статьясына 286,4 миң сом акча каражаты жылдырылып аткарууга алынсын.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет, финансы, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | П.Эсеналиев |