Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-ноябры № 38
“Дөн-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бахмал айылындагы “Ибадат-чоң эне” балдар бакчасынын балдарына ойноо үчүн 250м2 жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө”
Дөң-Булак айылдык кенешинин 2016-жылдын 18-августундагы № 32- токтому менен Мичурин, Дөң-Булак-1, Бахмал-1, Бахмал-2 жана Бабаш-Уулу айылдарында бала бакча болбогондугуна байланыштуу Дөң-Булак айыл өкөмөтүнүн Бахмал айылына “Ибадат чоң эне” балдар бакчасын ачууга токтом кабыл алынган. Бүгүнкү күндө балдар бакчасынын балдар ойной турган жер аянтына кошумча 250м2 жер аянты убактылуу пайдаланууга ажыратып берүү боюнча арызын карап чыгып, Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бахмал айылындагы “Ибадат-чоң эне” балдар бакчасынын балдарына ойноо үчүн 250м2 жер аянты убактылуу ажыратылып берилсин.
Суралсын Өзгөн райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгына тийиштүү документтерди даярдап берүү жагы.
Токтомдун аткарылдышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | П.Эсеналиев |