Загрузка документа…
ЖАӉЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-февралы № 11/3
«Жаӊы-Жол айыл ѳкмѳтүнүн 2017-жылдын атайын каражатынын киреше бѳлүгүнѳн 2018-жылга калган калдык акча каражатын бѳлүү жѳнүндѳ»
Күн тартибиндеги Жаны-Жол айыл ѳкмѳтүнүн каржы бѳлүмүнүн убактылуу милдетин аткаруучу Р.Эсенкуловдун 2017-жылдын атайын каражатынын киреше бѳлүгүнѳн 2018-жылга калган калдык акча каражатын бѳлүү жѳнүндѳ билдирүүсүн жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын кортундусун угуп жана талкуулап Жаӊы-Жол айылдык Кеӊешинин VII-чакырылышынын кезектеги XI-сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл ѳкмѳтүнүн 2017-жылдын атайын каражатынын киреше бѳлүгүнѳн 2018-жылга калган 219,6(Эки жүз он тогуз миӊ алты жүз ) сом калдык акча каражаты тѳмѳндѳгүдѳй тартипте:
-Кызмат кѳрсѳтүүнүн башка түрлѳрү үчүн-30,3 миӊ сом.
-Жергиликтүү деӊгээлде кызмат кѳрсѳтүүнү жакшыртуу алкагында ГТПнын үнѳмдѳлгѳн
189,3 миӊ сом акча каражатын айылдарды жарыктандыруу үчүн кошумча иштерге
Жалпысы: 219,6 (Эки жүз он тогуз миӊ алты жүз) сом жумшалсын.
2.Жогорудагы акча каражатын мыйзамдаштыруу жана максаттуу пайдалануу жагы каржы бѳлүмүнѳ милдеттендирилсин
3.Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айылдык Кеӊештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагасына жүктѳлсүн.
4.Токтом Jany-jol.jalal-abad.kg сайтына жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.
Төрага | Р.Дооранов |