Загрузка документа…
ЖАНЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-декабры № 14/2
“Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин 2016-жылга аткарылышы, 2017-жылга маалыматы, 2018-жылга жергиликтуу бюджеттин киреше жана чыгаша болукторун бекитүү, 2019-2020-жылдарга болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө»
Жаны-Алай айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 14- заседаниеси
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн 2016-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 4984,8 миң сомго, анын ичинен өздүк киреше -1248,5 тендөөчү грант -3218,5 мин сом, атайын каражаттар–480,4 мин сомго, республикалык бюджеттен берилуучу каражаттар (средства передаваемые)-37,4 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 4681,3 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2 Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн 2017-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 6128,6 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 5864,5 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
3. Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 5890,9 миң сомго, анын ичинен тендөөчү грант -4179,7 мин сомго, өздүк киреше -1266,2 мин сомго жана атайын каражаттар – 445,0 мин сомго бекитилсин.
4. 2019-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорунун планы 5863,3 миң сомго, анын ичинен: тендөөчү грант 4097,1 мин сом, өздүк киреше 1766,2 мин сомго, 2020-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн планы 5755,1 миң сомго анын ичинен: тендөөчү грант 3926,9 мин сом, өздүк киреше 1828,2 мин сомго долбоорунун болжолу бекитилсин.
5. Жаны-Алай айыл өкмөтүндө жайгашкан мектептерге жана мекемелерге бюджетте каралган акча каражаттарын туура жана максаттуу пайдалануу жагын камсыз кылуу, отчет-учет иштерин убагында айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнө тапшыруу жагы мекеме башчыларына жана чарбалык иштер боюнча директорлордун орун басарларына милдеттендирилсин.
6.Бюджетте каралган акча каражаттарын смета боюнча өз убагында мыйзамдуу жумшалышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына тапшырылсын.
7.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы А.Исмаиловго милдеттендирилсин.
Төрага | О.Акбашов
|