Загрузка документа…
КӨК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН 6-ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН
КЕЗЕКТЕГИ 10-СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ
25-декабрь 2017-жыл№10-3
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2018-2022-жылдарга карата стратегиялык планын бекитүү жөнүндө.
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2018-2022-жылдарга карата стратегиялык планына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөгү өткөрүлгөн коомдук угууларда айтылган ой-пикир сунуштарды угуп жана талкуулап, « Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» III «Пландоо» бөлүмүнө ылайык депутаттардын Көк-Жар айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2018-2022-жылдарга карата стратегиялык планы жактырылсын.(Тиркеме тиркелет).
2. Көк-Жар айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2018-2022-жылдарга карата стратегиялык планы бекитилсин.
3. Ушул кабыл алынган пландарга ылайык иш алып баруу жагы Көк-Жар айыл өкмөтунө тапшырылсын.
Төрага | Н. Туманов |
|
|
Көк-Жар айылдык кенешинин
№ 10-3- токтомуна тиркеме
Көк-Жар айылдык кеңешинин 2017-жылдын
___-__________ №________токтому менен
бекитилди.
Көк-Жар айылдык кеңешинин
төрагасы: Н. Туманов.
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2018-2022-жылдарга карата инвестициялык жана өнүгүү программасы.
Кириш сөз
Көк-Жар айыл өкмөтүнүн 2018-2022-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн программасы «Кыргыз Республикасынын 2018-2022-жылдарга туруктуу өнүгүү стратегиясына» негиз айыл аймагында тездетилген экономикалык өсүштү жана социалдык жактан камсыздоочу программа болуп эсептелет.
Программа Кыргыз Республикасынын Улуттук Кеңеши тарабынан сунушталып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан жактырылып, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын 2018-2022-жылдарга туруктуу өнүгүү стратегиясында» камтылган экономикалык өнүгүүсү жана элдик жашоо абалын жакшыртуу боюнча койгон тапшырмаларында белгиленген 17 негизги багытка таянуу менен айыл аймагындагы колдо бар ресурстарга , ж.б экономикалык потенциалдарга негизделүү менен иштелип чыгылды.
Айыл аймагыбыздын экономикалык өнүгүүсүнүн негизги багыты болуп агрардык секторду өнүктүрүү, башкача айтканда айыл чарбасында өндүрүлгөн продукциялардын көлөмүн арттыруу максатында айдоо жер аянттарын натыйжалуу пайдалануу менен түшүмдүүлүктү көтөрүүгө, мал чарбачылыгында малдардын башын арттырууга эмес, алардын асылдуулугун арттырууга, өндүрүлгөн продукцияларынын сапатын дүйнөлүк стандартка ылайыкташтырып кайра иштетүүгө жетишүү болуп эсептелет. Бул тапшырмаларды чечүү үчүн ички потенциалдарды ишке киргизүү менен сырткы жана ички инвестицияларды тартуу, айыл чарба продукцияларды кайра иштетүүчү ишканаларды көбөйтүү аркылуу ар түрдүү багыттагы айыл чарба кооперативдерди уюштуруу жолу менен чечүүгө багытталат.
Ал эми, экинчи багыт болуп эсептелинген өнөр жайында болсо токтоп турган ишканаларды кайра иштетүү, кошумча жаңы өнөр жай ишканаларын ишке киргизүү менен тоо кен тармагында айыл өкмөтүнүн болгон мүмкүнчүлүктөрүнөн кеңири пайдалануу менен негизги күч сырткы жана ички инвестицияларды тартууга багытталмакчы. Бул багытта, алдынкы технологоиялар менен камсыздалган жаңы ишканаларды курууга өзгөчө көңүл бурулмакчы. Калктын өнөр жай тармагында аракеттенген ишкерлерге да ар тараптан колдоо көрсөтүү жагы айыл өкмөтүнүн негизги милдеттеринин бири болуп калмакчы.
Базар экономикасынын шартында мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте айыл аймагынын экономикасын көтөрүүнүн приоритетүү багыттары болуп эсептелген бизнестин бардык түрлөрүнө, кичи жана орто бизнестин өнүгүшүнө жагымдуу шарттарды түзүү багытында ишкердүүлүктүн жакшыруусуна бөгөт койгон административдик барьерлерди жок кылууга өзгөчө көңүл бөлүнмөкчү.
Социалдык тармакта 2022-жылга чейин калкты социалдык жактан коргоо боюнча түзүлгөн стратегиалык пландардын негизинде иштер жүргүзүлөт. Бул багытта биринчи кезекте калкты жумуш менен камсыз кылуу үчүн жаңы жумушчу орундарды түзүүгө, айыл аймагындагы жаштарды патриоттуулукка тарбиялоо, мектептердин жана мектепке чейинки мекемелердин базаларын чыңдоого багыт берүүгө, саламаттыкты сактоо тармагында калктын ден соолугун чыңдоодо саламаттыкты сактоо мекемелеринин ишин жакшыртууга өзөгөчө көңүл бурулат. Өзгөчө билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарына керектүү адистер менен камсыздоо үчүн жогорку окуу жайлары менен тыгыз байланышта иш алып барылат.