Редакцияот 28,10,2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Мангыт айылдык Кеңешинин 6-чакырылышынын 7- сессиясы

 

28.10.2017-жыл № 7-16

“Саламат” балдар бакчасынын тарбиялануучулары үчүн 4-тайпаны ачууга уруксат берүү жөнүндө

Депутаттардын Мангыт айылдык Кенеши “Саламат” балдар бакчасынын  тарбиялануучулары үчүн  4-тайпаны ачууга уруксат берүү жөнүндөгү балдар бакчасынын башчысы С.Мамаеванын жана ата-энелердин сунушун карап жана талкуулап, төмөндөгүдөй токтом кылат:

ТОКТОМ

     1.“Саламат” балдар бакчасынын  тарбиялануучулары үчүн  4-тайпаны ачууга уруксат берилсин.

     2. Балдар бакчасынын тарбиялануучуларынын азык-түлүгү 2017-жылдын 31-декабрына чейин ата-энелердин эсебинен каржылансын жана 2018-жылдан баштап айыл өкмөтүнүн бюджетинин долбооруна киргизилсин.

     2.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин социалдык маселелер боюнча жана финансы жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Малаев