Редакцияот 17,02,2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАНГЫТ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Мангыт айылдык Кеӊешинин 6-чакырылышынын 11-сессиясы

 

17.02.2018-жыл. № 11-30

Ноокат, Араван, Тепе-Коргон автожолундагы Мангыт айыл аймагынын Толойкон айылындагы “Ажыкул-Ата”, “Алике-Ата” көчөлөрүн Мангыт айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинен негизги  мамлекеттик менчикке өткөрүү жөнүндө

Депутаттардын Мангыт айылдык Кенеши  Ноокат, Араван, Тепе-Коргон автожолундагы Мангыт айыл аймагынын Толойкон айылындагы “Ажыкул-Ата”, “Алике-Ата” көчөлөрүн Мангыт айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинен  негизги мамлекеттик менчикке өткөрүү жөнүндөгү Толойкон айылынын тургундарынын арызын карап жана талкуулап төмөндөгүдөй токтом кылат:

ТОКТОМ

1. Ноокат, Араван, Тепе-Коргон автожолундагы Мангыт айыл аймагынын Толойкон айылындагы “Ажыкул-Ата”, “Алике-Ата” көчөлөрүн Толойкон айылынын тургундарынын арызынын негизинде Мангыт айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинен негизги мамлекеттик менчигине өткөрүүгө уруксат берилсин.

2.Ушул токтомду бекитип  берүү жагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн суралсын.

 

Төрага

А.Малаев