Загрузка документа…
КАРА-АЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 8-январы №1
Кара-Алма айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2017-жылда киреше чыгашаларынын аткарылышы жана 2018-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша булактарынын бекитүү жөнүндө
Кара-Алма айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2017-жылда киреше жана чыгашаларынын аткарылышы жана 2018-жылга жергиликтүү бюджетин киреше жана чыгаша булактарынын бекитүү жөнүндө финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Шералиеванын билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Кара-Алма айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Алма айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2017-жылда киреше жана чыгашаларынын аткарылышы жана 2018-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоорун түзүү жөнүндө айыл өкмөттүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Шералиеванын билдирүүсү эске алынып, 2017-жылдын бюджетинин кирешелеринин аткарылышы трансферттер жана атайын каражаттар менен кошо 8033,8 мин сом, чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы 7469,8 мин сомго №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2018-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджеттин калдыгы 813,4 мин сомду,анын ичинде жергиликтүү бюджет 766,4 мин сом,атайын каражат 47,0 мин сомду түздү. Жергиликтүү бюджеттин калдыгы :
1. Айыл ичиндеги ички жолдорду оңдоп түзөөгө, шагыл төшөөгө 200,0 миң сом,
2. Кара-Алма айылынын Сай участкасындагы жаңыдан курулган Балдар -Бакчаны АРИСтин ПСИ-3 долбоорунун негизинде бүткөрүү үчүн өздүк салым катары 400,0 мин сом,
3. . Айыл өкмөтүнүн канторун учурда оңдоого 166,4 миң сом беитилсин.
3. 2018-жылга Кара-Алма айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелери жалпы трансферттер жана атайын каражат менен кошулуп, кирешелери 6130,5 мин сомго, анын ичинде бюджеттик кирешелер 1852,3 мин сом,атайын каражат 162,0 мин сомго №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Бюджеттин бөлүмдөр жана беренелер аралык бөлүнүшү № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. 2018- жылда теңдөө грантынын көлөмү 4278,2 мин сом өлчөмүндө 4-тиркемеге ылайык бекитилсин жана жергиликтүү бюджеттен жыйналган салык жана салык эмес жыйымдардан түшкөн кирешелер биринчи кезекте коргоого алынган статьяларга ( эмгек акыга, соц фондко чегерүүгө, коммуналдык кызмат, электр-энергия акысы, бала бакчанын тамак ашына ) каржылоого багытталсын.
6. Кыргыз Респуликасынын өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы № 403 токтомунун негизинде Кара-Алма айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринин 14 штат бирдиги кармалсын , айлык акылары . Кыргыз Респуликасынын өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 жана 2017-жылдын 7-августундагы №466 токтомдун негизинде 2054,4 мин сом эмгек акы фонду менен № 5 тиркемеге ылайык бекитилсин.
7. Жалпы билим берүү мектептерин, бала бакчаны кышка отун менен камсыздоого 70,0 мин сом акча каражаты бөлүнсүн жана отун көмүрдү, электр энергияны үнөмдүү пайдалануу мектептин директорлоруна жана бала бакчанын жетекчисине милдеттендирилсин.
8.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы №66 токтомдун негизинде маданият бөлүмүнүн кызматкерлеринин 4 штат бирдиги кармалсын ,айлык акылары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №16 токтомунун негизинде ,288,0 мин сом эмгек акы фондусу менен № 6-тиркемеге ылайык бекитилсин.
9. Бала бакчага жыйналган атайын каражат казналык системаны аттап өтүп пайдалануусуна тыйуу салынсын, аталган тартип бузулган учурда 100% Респуликалык бюджетке алынаары белгиленсин.
10.Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 110-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети боюнча жүгүртүүдөгү кассалык накталай акча 2019-жылдын 1-январына карата 154,7 мин сом өлчөмүндө белгиленсин.
11. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине ылайык айыл өкмөтүнүн резервтик фонду 50,0 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
12.Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-мартындагы №87-токтомуна ылайык электро энергияга бөлүнгөн 102,7 кВТ өлчөмүндөгү лимит бюджеттик мекеме уюмдар аралык бөлүнүшүн сактоо менен үнөмдүү пайдалануу мекемелердин жетекчилерине милдеттендирүү менен, 257,9 мин сом өлчөмүндө №7 тиркемеге ылайык бекитилсин.
13.Айыл өкмөттүн башчысынын унаа чыгымдары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №767 токтомунун негизинде жумшоосу белгиленсин.
14. Башкаруу бөлүмүнүн чыгымдары 2111,2121,2212,2221,2215,2214,2232,2824,3112 беренелерине жалпысы 3294,1 мин сом өлчөмүндө №8-тиркемеге ылайык бекитилсин.
15. Маданият бөлүмүнүн чыгымдары 2111,2232,2121,2215,2221,3112, беренелерине 888,0 мин сом өлчөмүндө № 9 тиркемеге ылайык бекитилсин.
16. Билим берүү бөлүмүнүн чыгымдары 224,2232,221,2218,2215 беренелерине 536,3 мин сом өлчөмүндө №10 тиркемеге ылайык бекитилсин.
17. Турак жай жана коммуналдык кызматтар бөлүмүнүн чыгымдары 2221,2215,3111 беренелерине 750,1 мин сом өлчөмүндө №11 тиркемеге ылайык бекитилсин.
18. Социалдык камсыздоого 500,0 мин сом акча каражаты №12 тиркемеге ылайык бекитилсин.
19. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Алма өкмөтүнүн башчысы И.Алимовко жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.Назановко жүктөлсүн.
Төрага | К. Сооронбаев |