Редакцияот 16,01,2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

XXVII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы

 

2018-жылдын 16-январы №2

Укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын сунушун кароо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы № 467 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Администрациялык аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө Жобонун жана Укук жана мыйзамдуулук боюнча  туруктуу комиссиянын сунушунун негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын маалыматы эске алынсын

2.Шамалды сай айылындагы жаңы көчөгө  Н.Жолдошевдун  ысмы берилсин

3.Көчөгө шагал төгүү, электр жарыгын орнотуу жана көчөнүн атын жазып, үйлөргө номер  коюп илүү көчөгө ысмы берилип жаткан Н.Жолдошевке милдеттендирилсин.

4.Токтомду көзөмөлдөө  айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн

 

Төрага                                                                                                                                                                        А.Бекибаев