Редакцияот 25.01.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

XI кезектеги сессиясы XXVII чакырылыш

2018-жылдын 25-январы № 11/7

«Эки-Нура» ИСКАКБсынын 2018-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө

 

«Эки-Нура» ИСКАКБсынын бухгалтери Р.Муканованын 2018-жылга бюджетинин долбоорун угуп жана талкуулап, Депутаттардын Чет-Нура айылдык Кеңешинин ХI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Эки-Нура» ИСКАКБсынын 2018-жылга бюджети бекитилсин.

2. Бюджеттин аткарылышын камсыз кылуу «Эки-Нура» ИСКАКБсынын бухгалтери Р.Мукановага тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Т. Сыдыкбеков

«Эки-Нура» ИСКАКБысынын 2018-жылга бекитилүүчү бюджетинин долбоору

Тарифтер :

Үйүнө суу киргизгендер жан башына 20 сом

Көчөдөн алып суу пайдалануучулар жан башына 15 сом

Калкты тейлеген мончолор үчүн айына 500 сом

Үйүнө суу киргизүү үчүн уруксаат алуу 5000 сом

 Б.Бекжанов орто мектеби,

 Чет-Нура бала бакчасына

 Орто-Нура бала бакчасына 30 000 сом ком.төлөмдөр

Жылдык план 200 000 сом, айына тарифтик план 16 000 сом

Айлык акыга 180 000 сом

Соц.фонд 10 000 сом

Сатуудан түшкөн салык акысы 6000 сом

Канц.товарга 3000 сом

Ремонт иштерине 10 000 сом