Редакцияот 25.01.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧЕТ-НУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

XI кезектеги сессиясы XXVII чакырылыш

2018-жылдын 25-январы № 11/9

Чет-Нура айыл аймагынын бюджетинин эсебиндеги каражаттан 2018-жылдын планына ылайык пайдалануу багытын аныктоо жөнүндө

 

Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин бюджет жана этика комиссиясынын, айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын баяндамасын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чет-Нура айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чет-Нура айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Орто-Нура айылындагы маданият үйүнүн чатырын жана жылуулук системасын капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги бюджеттик процесс” долбооруна жазылган сметалык баасы 1 100 000 (бир миллион бир жүз миң) сомдук долбоор жактырылсын.

2. “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги бюджеттик процесс” долбоорунун эсебинен каржылана турган Орто-Нура айылындагы маданият үйүнүн чатырын жана жылуулук системасын капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен 100 000 (бир жүз миң) сом каражаты, 2018-жылдын бюджетинен каралсын.

3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Мүсүркановго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Т. Сыдыкбеков