Редакцияот 22.12.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

XXIV-чакырылышынын кезектеги XV-сессиясы

2017-жылдын 22-декабры № 34

«Ак-Дөбө айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө»

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 15-беренесинин талаптарына ылайык, Ысык-Көл облусунун, Жети-Өгүз районунун Ак-Дөбө айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын элдик жыйындарында жергиликтуу жамааттын Уставынын долбоорун талкуулап, жыйындарда жергиликтүү жамааттан, депутаттардан түшкөн сын-пикир, сунуштарын эске алып, мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп, Ак-Дөбө айыл аймагынын айылдык Кеңеши Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 8-пунктуна таянып,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Дөбө айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин (Тиркеме №1).

2. Ак-Дөбө айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg веб-сайтына жарыялансын.

3. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Дөбө айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Дөбө айылдык Кеңешинин төрагасына милдеттендирилсин.

 

Төрага

Бараканов Р.Т