Редакцияот 17.04.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

VI чакырылыш кезексиз III сессиясы

 

2017-жылдын 17-апрели № 3/7

Кара-Мык бажыканасынын курулуш иштерине шагал алуу үчүн карьерлерди аныктоо жөнүндө

 

Жекенди айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жекенди айылдык аймагында Тажик Республикасы менен чектешкен чек арасындагы бажыканасынын курулуш иштерине шагыл алуу үчүн Шибээ айылынын астындагы Кызыл-Суу дарыясынын боюндагы Кытай компаниясы шагыл алган карьерден бөлүнүп берилсин.

2. Токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө Жекенди айылдык аймагынын башчысы Н.Акматовго жана жер жана турак-жай боюнча башкы адис А.Калиловго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өнөр-жай, курулуш, транспорт, соодо байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Кошоевге тапшырылсын.

 

Төрага

С.Д. Халилов