Редакцияот 09.06.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕКЕНДИ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

VI чакырылыш кезексиз VI сессиясы

 

2017-жылдын 9-июну № 6/3

Кара-Тейит айылында Ак-Суу орто мектебине спорт зал куруу үчүн тал-теректерди кыюуга уруксат берүү жөнүндө

 

Жекенди айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жекенди айылдык аймагына караштуу Кара-Тейит айылында Ак-Суу орто мектебинин жанына спорт зал куруу үчүн жаны имарат түшө турган жерден 3 (үч) түп арчаны жол боюна көчүрүүгө, 5 (беш) түп эскилиги жеткен алма бакты кыюуга уруксат берилсин.

2. Токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө Жекенди айылдык аймагынын башчысы Н.Акматовго жана жер жана турак-жай боюнча башкы адис А.Калиловго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өнөр-жай, курулуш, транспорт, соода байланыш, инвестиция, энергетика маселелери жана социалдык-экономикалык өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Кошоевге тапшырылсын.

 

Төрага

С.Д. Халилов